Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кыштут айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 07.08.2023-жылдагы №01-8/87 сандуу катын кароо жөнүндө» токтому
КЫШТУТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кыштут айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
2023-жылдын 28-августу № 99
Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 07.08.2023-жылдагы №01-8/87 сандуу катын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 07.08.2023-жылдагы №01-8/87 сандуу катын угуп жана талкуулап Кыштут айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын карап чыгып, кетирилген кемчиликтерге баа берилсин жана тийиштүү жооптуу адамдарга чараларды көрүү жагы Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысы А. Эркебаевке тапшырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 21-декабрындагы №161-Б буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын Бюджеттик
классификациясынын колдонуу шарттары толугу менен аткаруу жагы Кыштут айыл өкмөтүнүн Финасы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Айдаровко жүктөлсүн.
3. Эмгек келишими менен убактылуу иштегендерге эмгек акы төлөөдө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы №385 “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө Нускаманын” талаптарына ылайык иш жүргүзүү жагы Кыштут айыл өкмөтүнүн Финасы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Айдаровко жүктөлсүн.
4. Кыштут айыл аймагынын бухгалтериялык отчет учет иштерин жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 25.12.2018-жылдагы №137-б буйругу менен бекитилген “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана каржылык отчетторду жүргүзүү боюнча” Жобонун негизинде жүргүзүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага
А.Сейитмуратов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.