Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Айыл аймагына тиешелүү жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга жайыт жерлерин пайдалануу үчүн келип түшкөн каражатты жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга бөлүү жөнүндө» токтому
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VI- сессиясы
2024-жылдын 19-июлу № 39
Айыл аймагына тиешелүү жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга жайыт жерлерин пайдалануу үчүн келип түшкөн каражатты жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга бөлүү жөнүндө Каракол айыл аймагына тиешелүү жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жергиликтүү бюджетке келип түшкөн акча каражатын жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга бөлүү максатында кезектеги сессия; ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 10-июлундагы №76 “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесине ылайык жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жергиликтүү бюджетке келип түшкөн каражаттардын үчтөн экисинен кем эмес бөлүгү жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга “Каракол таза аймак” МИ өздүк эсебине которулуп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатынын максаттуу пайдалануусун камсыз кылуу жана акча каражатынын сарпталышы боюнча отчетторду түзүү жагы “Каракол таза аймак” МИ жетекчиси Сыдыгалиев Бактыбектин жеке жоопкерчилигине жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага
Ф. К. Токушев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.