Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин “Бүргөндү–Достук айыл өкмөтүнүн Ношкен айылында жайгашкан Жаштык чек ара заставасына жаңы имарат куруу үчүн суралган жер тилкесин ажыратып берүүгө жана которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө” токтому
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын
2024-жылынын 06-августу №1
“Бүргөндү–Достук айыл өкмөтүнүн Ношкен айылында жайгашкан Жаштык чек ара заставасына жаңы имарат куруу үчүн суралган жер тилкесин ажыратып берүүгө жана которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө”
Бүргөндү – Достук айыл аймагынын Ношкен айылында жайгашкан Жаштык чек ара заставасына жаңы имарат куруу үчүн суралган № 1923 контурундагы 1,0 (бир) га жер тилкесин ажыратып берүүгө жана которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушту угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-статьясынын жана 15-статьясынынын 9–пунктунун, 20-статьясынын 20-пунктун, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15- июлундагы № 145 Мыйзамынын 6-7-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген убактылуу жобону жетекчилике алып, Бүргөндү–Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бүргөндү – Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун сунушу эске алынсын.
2.Кокондук айылындагы № 1923 контурундагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы жерден 1,0 га жер аянты застава куруу үчүн “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
3. Жаңы застава куруу үчүн суралган 1,0 га жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы жайыт жерден “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багытагы жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жагы Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынан, Министрлер Кабинетинен суралсын.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Бүргөндү–Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Календеровго жүктөлсүн.
5.Көзөмөлдөө укук жана мыйзамдуулук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Толубаевке милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы:
Б.Кубатов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Закон «О переводе (трансформации) земельных участков»Закон · 15.07.2013 · № 145 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 19 марта 2014 года № 169 "Об утверждении Временного положения о порядке перевода (трансформации) земельных участков"Постановление · 19.03.2014 · № 169 · Утратил силу