Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Садыр аке айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин ««Садыр аке айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесин мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө» Токтому
САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешини 1-уюштуруу сессиясы
21.02.2024 №5
«Садыр аке айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесин мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №370 "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө" жобону жетекчиликке алып, жергиликтүү кеңеш токтом кылат:
«Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №370 "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгынын негизинде, 4 айыл өкмөтү (Кумбел, Темир, Садыр Аке, Семеновка айыл аймактарынын айыл өкмөтү мекемелери) бириккендигине байланыштуу түзүлгөн «Садыр аке айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Айыл өкмөтүнүн уюштуруу-укуктук формасы- мекеме.
Айыл өкмөтүнүн толук фирмалык аталышы:
· мамлекеттик тилде: "Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөтү" мекемеси;
· расмий тилде: Учреждение "Айыл окмоту айылного аймака Садыр Аке"
Айыл өкмөтүнүн кыскартылган фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилде: "Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөтү " м-и расмий тилде: У-е " Айыл окмоту айылного аймака Садыр Аке"
2.1. Мекеменин жайгашкан (Юридикалык дареги): Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Темир айылы, Бакытбек көчөсү, үй №60 болуп аныкталсын.
Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жобосу жаңы редакцияда бекитилсин. Кумбел, Темир, Садыр Аке, Семеновка айыл аймактарынын айыл өкмөттөрүнүн өткөрүп берүү актылары бекитилсин.
5. Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин уюштуруучусу болуп Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши эсептелсин. Каттоо номери 301039-3302-У-е, ИУЖКнын коду 32664397, ИСН 02003202410176, юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Темир айылы, Бакытбек көчөсү, үй №60.
6. “Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесин Ысык-Көл областтык юстиция мамлекетик башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Н.Айдыгуловага милдеттендирилсин.
Мамлекеттик каттоо жөнүндө чечимди андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердин маалыматтардын анык экендиги ырасталат.
Төрайым А.С. Бараканова
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Указ Президента КР от 29 декабря 2023 года УП № 370 "О проведении административно-территориальной реформы в пилотном режиме на уровне айылных аймаков и городов Кыргызской…Указ · 29.12.2023 · № 370 · Утратил силу
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 31 марта 2023 года № 178 "Об утверждении Положения о порядке государственной регистрации юридических лиц, филиалов…Постановление · 31.03.2023 · № 178 · Утратил силу