# Кулунду айылдык кенешинин 2024-жылдын 28-июнундагы №31/12 “Кулунду айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Кулунду айылдык кенешинин 2024-жылдын 28-июнундагы №31/12 “Кулунду айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 31/12
- Дата принятия: 28.06.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 28.06.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230013700>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-32102/edition/16327/ru>

> Текст приведён по редакции от 28.06.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кулунду айылдык кенешинин 2024-жылдын 28-июнундагы №31/12 “Кулунду айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө” токтому (ред. от 28.06.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230013700

---

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 31-сессиясынын отуруму

2024-жылдын 28-июну № 31/12

“Кулунду айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө”

Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 31-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, Кулунду айыл өкмөтүнүн Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын жана Кулунду айылдык кеңешинин Финансы-экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары депутат К. Айтбаевдин баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №146-токтомунун жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 05-майындагы №60 “Укук бузууулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” мыйзамынын 10 беренесине жана 12-беренесинин 4,6--пунктуларына ылайык Кулунду айылдык кеңештин кезектеги 31-сессиясынын №31/1-протоколунун чечиминин 2-бөлүмүнүн 14, 15, 16, 17, 18,19 -пункттарынын негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Чек ара аскер кызматынын имаратынын үстүн жабуу үчүн 200 (эки жүз) даана шифер – 100000 (жүз миң) сом акча каражаты үнөмдөлгөн акча каражаттар эсебинен бөлүнүп, статьядан статьяга жылдырылып берилсин. Кулунду өрөөнүнүнүн түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгына китеп чыгаруу 100дөн (жүздөн) кем эмес экземпляр басып чыгарууга – 300 000 (үч жүз миң) сом үнөмдөлгөн акча каражаттар эсебинен бөлүнүп, статьядан статьяга жылдырылып берилсин жана Илимий-техникалык топ түзүлүп, курамына Кулунду айылдык кеңешинин депутаттарынан киргизилсин. Кулунду айылдык кеңештин төрагасына, Кулунду айыл өкмөт башчысына жана ички иштер бөлүмүнө планшет – алууга 40 000 (кырк миң) сомдон 120 000 (жүз жыйырма миң) сом үнөмдөлгөн акча каражаттар эсебинен бөлүнүп, статьядан статьяга жылдырылып берилсин. Нотариуска жана айылдарга орнотулган видео көзөмөлгө интернет блок үчүн кабелдерди орнотуу акысына 65000 (алтымыш беш миң) сом үнөмдөлгөн акча каражаттар эсебинен бөлүнүп, статьядан статьяга жылдырылып берилсин. Кулунду чыгыш айылынын көчөлөрүнө 60 даана жарыктандырууга кошумча түшкөн акча каражаттар эсебинен бөлүнүп берилсин. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата Кулунду айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине жана айылдык кеңештин депутаттарына 60000 (алтымыш миң) сом үнөмдөлгөн акча каражаттар эсебинен бөлүнүп, статьядан статьяга жылдырылып берилсин. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Финансы-экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А.А.Досов
