# Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин 2024-жылынын 17-майындагы №4 “Бүргөндү–Достук айыл аймагында муниципалдык мал базар уюштуруу жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин 2024-жылынын 17-майындагы №4 “Бүргөндү–Достук айыл аймагында муниципалдык мал базар уюштуруу жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4
- Дата принятия: 17.05.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 17.05.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230013668>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-32071/edition/16291/ru>

> Текст приведён по редакции от 17.05.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин 2024-жылынын 17-майындагы №4 “Бүргөндү–Достук айыл аймагында муниципалдык мал базар уюштуруу жөнүндө” токтому (ред. от 17.05.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230013668

---

БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын

2024-жылынын 17-майы №4

“Бүргөндү–Достук айыл аймагында муниципалдык мал базар уюштуруу жөнүндө”

Бүргөндү – Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун Бүргөндү – Достук айыл аймагында муниципалдык мал базарын ачуу жана мал базар үчүн каралган жер тилкесин трансформациялоо жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-статьясынын жана 15-статьясынынын 9–пунктунун, 20-статьясынын 20-пунктун, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15- июлундагы № 145 Мыйзамынын 6-7-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген убактылуу жобону жетекчилике алып, Бүргөндү–Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Бүргөндү – Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун сунушу эске алынсын.

2.Жаңы–Жол участогунун № 520, 521 контурундагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы жайыт жерден 10,0 га жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде мал базар уюштуруу үчүн “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

3.Муниципалдык мал базарын уюштуруу үчүн ажыратылган 10,0 га жер участогун “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы жайыт жерден “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багытагы жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жагы Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынан, Министрлер Кабинетинен суралсын.

4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Бүргөндү–Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Календеровго жүктөлсүн.

5.Көзөмөлдөө укук жана мыйзамдуулук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Толубаевке милдеттендирилсин.

Айылдык кеңештин төрагасы:

Б.Кубатов
