Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Бүргөндү айылдык кеңешинин «Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасына өткөрүлгөн сессияларына компенсация төлөмдөрүн төлөп берүү жөнүндө» токтому
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезексиз XXIV – сессиясы 2023-жылдын 13-декабры № 4 Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасына өткөрүлгөн сессияларына компенсация төлөмдөрүн төлөп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жеригиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 40-беренесинин 6-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2022-жыл 13-январындагы № 4 Буйругунун Жобосуна ылайык Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасына өткөргөн сессияларына компенсация төлөмдөрүн эсептеп жана төлөп берүү жөнүндөгү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Калмуратовдун билдирүүсүн жана төрага Б.Кубатовдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезексиз XXIV – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы А. Кубатбековдун жазган кайрылуусу эске алынсын.
2.Айылдык кеңештин иш планынын негизинде ар бир сессияны даярдоого, карала турган маселе, арыз кайрылууларды мыйзам чегинде карап чыгууга, комиссия түзүү, текшерүү, токтомдордун долбоорун даярдоо, сессия өткөрүү күнү жана сессиядан кийин протоколдорду, токтомдорду кайрадан кароо, өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киригизүү үчүн кеминде беш күндөн кем эмес, кээ бир учурларда мындан да көп убакыт кетээрин белгилеп сессия өткөрүүгө компенсация өлчөмүн беш күндөн кем эмес күнгө эсептөөлөр жүргүзүү жагы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жеригиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү Мыйзамынын 40-беренесинин 6-пунктуна ылайык айылдык кеңешинин төрагасына 2023-жыл ичи өткөргөн сессияларына компенсациясынын расчетун тиркемеге ылайык чыгарып төлөп берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмоновго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовго милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы:
А. Кубатбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Закон «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Закон · 20.10.2021 · № 123
- Распоряжение Кабинета Министров КР от 13 января 2022 года № 4-р (о Межведомственной рабочей группу для выработки предложений по передислокации учреждений № 10, 21, 23 и 25 Службы…Распоряжение · 13.01.2022 · № 4-р