Нарын шаардык Кеңешинин «Нарын шаарындагы 5 (беш) даана электробустарды жана 3 (үч) даана 240 КВат электробустарды заряддагычтарды күрөөгө коюуга макулдук берүү жөнүндө» №6 токтому.
Вопрос по этому документу?Сверьте ответ чат-бота с документом
ИИ ответит по тексту законаИИ ответит по действующей редакции · бесплатно
40 ответов ИИ в месяц - бесплатно. Банковская карта не нужна.
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Нарын шаардык кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги XXXIX сессиясы
2024-жылдын 12-сентябры № 6 Нарын шаарындагы 5 (беш) даана электробустарды жана 3 (үч) даана 240 КВат электробустарды заряддагычтарды күрөөгө коюуга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30- апрелиндеги №242-тескемесинин негизинде Нарын шаардык мэриясы тарабынан Нарын шаарына 5 (беш) даана электробустарды жана 3 (үч) даана (240 КВат) электр автобустары үчүн кубаттуу бат заряддагычтарды алуу боюнча тендер жарыяланып, тендерди “Оомат-Нурдос” жоопкерчилиги чектелген коому жалпы баасы 66000000 (алтмыш алты) миллион сомго утуп алып, Нарын шаарына алып келинген жана ”Оомат-Нурдос” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2024-жылдын 19-июнундагы №32 катынын негизинде Нарын шаардык мэриясынын 2024- жылдын 26-июнундагы №01-10/123 буйругу менен түзүлгөн кабыл алуу комиссиясынын Нарын шаардык мэриясынын 2024-жылдын 12-августундагы №15 протоколдук чечимине ылайык Нарын шаарын алып келинген бир электробустун баасы 10500000 (он миллион беш жүз миң) жалпы 5 (беш) даана электробустардын баасы 525000000 (элүү эки миллион беш жүз миң) сом, бир даана электр автобустары үчүн кубаттуу бат заряддагычтын баасы 4500000 (төрт миллион беш жүз миң) сом, жалпы 3 (үч) даана (240 КВат) электр автобустары үчүн кубаттуу бат заряддагычтардын баасы 13500000 (он үч миллион беш жүз миң) сомго кабыл алынгандыктан, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин 2023-жылдын 3-майындагы №19-04-01/11 кредиттик келишими жана 2023-жылдын 13-ноябрындагы кошумча макулдашуу №19-04-01/56 түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Финансы министринин 2023-жылдын 3-майындагы №19-04- 01/11 кредиттик келишими 2 беренисинин 2.3. подпунктун негизинде Нарын шаарына 5 (беш) даана электробустарды жана 3 (үч) даана (240 КВат) электр автобустары үчүн кубаттуу бат заряддагычтарды күрөөгө коюу боюнча Нарын шаардык мэриясы сунуш кат менен кайрылышкан. Жогорудагылардын негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндо” Мыйзамын, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы, экономика, ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун чечиминин негизинде Нарын шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
Түзүлгөн келишимдин негизинде 5 (беш) даана электробустарды жана 3 (үч) даана (240 КВат) электр автобустары үчүн кубаттуу бат заряддагычтарды күрөөгө коюуга макулдук берилсин: Күрөөгө коюу боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
Төрага
А. Молдосалиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.
40 ответов ИИ в месяц - бесплатно. Банковская карта не нужна.