Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Нарын шаардык Кеңешинин «Нарын шаарындагы А.Молдоев көчөсү №170/3 Кыш завод участогу 31 дарегиндеги жер тилкелерин “Мамлекеттик ипотекалык компания “ ачык акционердик коомуна өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө « №2 токтому
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Нарын шаардык кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги XXXIX сессиясы
2024-жылдын 12-сентябры № 2 Нарын шаарындагы А.Молдоев көчөсү №170/3 Кыш завод участогу 31 дарегиндеги жер тилкелерин “Мамлекеттик ипотекалык компания “ ачык акционердик коомуна өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы №10 “Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024- жылдын 9-августундагы № 479-т тескемеси менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги №126-т тескемесине өзгөртүүлөр киргизилип, Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында турак жай куруу үчүн бөлүнгөн жер тилкелеринин тизмеги бекитилген. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2024-жылдын 22-августундагы №27-7283 сандуу катына ылайык Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында турак жай куруу үчүн бөлүнгөн жер тилкелеринин тизмегиндеги Нарын шаарындагы А.Молдоев көчөсү №170/3, Кыш завод участогу №1 дарагиндеги жер тилкелерин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКна өткөрүп берүү зарыл экендигин көрсөтүп, Нарын шаардык мэриясы сунуш каты менен кайрылган. Жогорудагылардын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө”, ”Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарын жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Турак жай куруу үчүн бөлүнгөн жер тилкелеринин тизмегиндеги Нарын шаарындагы А.Молдоев көчөсү №170/3, Кыш завод участогу №1 дарегиндеги жер тилкелерин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн
Төрага
А. Молдосалиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.