Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Салам-Алик айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы № 284 “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу чаралары жөнүндө» токтому
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Салам-Алик айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги он төртүнчү сессиясы
2022-жылдын 9-сентябры № 83
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы №284 “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу чаралары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022-жылдын 30-августундагы “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022- жылдын 15-августундагы №284 “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу чаралары жөнүндөгү” №01-38/68 буйругун жана Өзгөн РМАсынан 2022-жылдын 7-сентябрындагы №01-28/401 тескемеси жөнүндө Салам-Алик айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы №284 “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы №152 Жарлыгы менен бекитилген Жобосу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы №284 “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген убактылуу Жобо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы №152 Жарлыгы менен бекитилген “Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө” Жобо менен кылдат таанышып чыгып, Биринчи Элдик Курултайды өткөрүүнүн максаттары жана милдеттери жөнүндө калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүлсүн.
3. Жогорудагы иш-аракеттерди жеткиликтүү камсыздоо Салам-Алик айыл аймагынын алдында Биринчи Элдик Курултайды өткөрүү боюнча жумушчу комиссиянын курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Эл менен жыйындарды өткөрүүнү, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрүнүн элдик курултайынын ролун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жобосуна ылайык айылдардан делегаттарды шайлоо боюнча эл менен жыйындарды өткөрүүнүн графиги 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Салам-Алик айылдык Кеӊешинин төрайымы
Б.М.Калмурзаева
Салам-Алик айыл аймагынын 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 83-токтомуна № 1-тиркеме
Биринчи Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө айылдарда жыйын өткөрүү боюнча депутаттык Жумушчу комиссиянын курамы
1. Калмурзаева Буразия -Салам-Алик айылдык кеңешинин төрайымы,
комиссиянын төрайымы
2. Нышанбаев Дүйшөбай -Салам-Алик айылдык кенешинин катчысы
комиссиянын катчысы
Мүчөлөрү:
3. Калилов Тилек -Кызыл-Чарба айылынын айыл башчысы;
4. Эргешов Талант -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;
5. Казыев Уларбек -Салам-Алик айылынын айыл башчысы;
6. Темирова Нуржамал -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;
7. Кыпчакбаев Төрөбек -Ак-Терек айылынын айыл башчысы;
8. Турдумамбетоа Алтынбек -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;
9. Сатаров Элдияр -Кош-Этер айылынын айыл башчысы;
10. Калыбеков Талант -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;
11. Сыяев Султан -Кызыл-Байрак айылынын айыл башчысы;
12. Акматжанова Мастура -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;
13. Токторбаев Кадыр -Ара-Көл айылынын айыл башчысы;
14. Мокенов Элбурс -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;
15. Сулайманов Нурланбек -15 жаш айылынын айыл башчысы;
16. Айылчиева Гүлмира -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;
Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы
Д.Нышанбаев
Салам-Алик айыл аймагынын 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 83-токтомуна № 2-тиркеме
Салам-Алик айыл аймагында Биринчи Элдик Курултайды өткөрүүнүн графиги
№
Айылдар
Өткөрүү күнү
Өткөрүлө турган жери
1
Кызыл-Чарба
2022-жыл 16-октябрь
М.Сагынова аындаго орто мектебинин спорт залы
2
Салам-Алик
2022-жыл 17-октябрь
Салам-Алик айылындагы борбордук клуб
3
Ак-Терек
2022-жыл 19-октябрь
Ак-Терек атындагы орто мектеби
4
Кош-Этер
2022-жыл 20-октябрь
Т.Бөрүбаев атындагы орто мектеби
5
Кызыл-Байрак
2022-жыл 21-октябрь
Т.Бөрүбаев атындагы орто мектеби
6
Ара-Гол
2022-жыл 22-октябрь
Ж.Бөкөнбпеа орто мектеби
7
15-Жаш
2022-жыл 23-октябрь
15-Жаш айылындагы ФАП
Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы
Д.Нышанбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Указ Президента КР от 15 августа 2022 года УП № 284 "О созыве Народного Курултая"Указ · 15.08.2022 · № 284 · Утратил силу
- Указ Президента КР от 2 мая 2001 года УП №152 "О мерах по повышению роли народных курултаев представителей местных сообществ Кыргызской Республики в управлении делами местного…Указ · 02.05.2001 · № 152 · Утратил силу