# Раззаков шаардык кенешинин 2024-жылдын 29-августундагы №6 "Кош каржылоонун негизинде 2025-жылга карата сунушталуучу приоритеттүү гранттык долбоорлордун тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Раззаков шаардык кенешинин 2024-жылдын 29-августундагы №6 "Кош каржылоонун негизинде 2025-жылга карата сунушталуучу приоритеттүү гранттык долбоорлордун тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 6
- Дата принятия: 29.08.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.08.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230013087>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-31648/edition/15735/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.08.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Раззаков шаардык кенешинин 2024-жылдын 29-августундагы №6 "Кош каржылоонун негизинде 2025-жылга карата сунушталуучу приоритеттүү гранттык долбоорлордун тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 29.08.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230013087

---

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XXXV СЕССИЯСЫ (VI чакырылышы) 2024-жылдын 29-августу № 6 Кош каржылоонун негизинде 2025-жылга карата сунушталуучу приоритеттүү гранттык долбоорлордун тизмесин бекитүү жөнүндө.

Раззаков шаарынын мэриясынын кош каржылоонун негизинде 2025-жылга карата сунушталуучу приоритеттүү гранттык долбоорлордун тизмесин бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27- жана 34-беренелерине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXХV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кош каржылоонун негизинде 2025-жылга карата төмөнкү сунушталуучу приоритеттүү гранттык долбоорлордун тизмеси бекитилсин жана өздүк салым катары каралган акча каражаттары 2025-жылдын бюджетине киргизүү жагы каралсын.

1. Дем берүүчү грантка: Агартуу, М.Бабаев жана Восточная-3 көчөлөрүндөгү 1904метр жолдорун оңдоо долбоору жалпы суммасы 13328,0 мин сом анын ичинде өздүк салым 8328,0 мин сом.

2. Дем берүүчү грантка: Орто-Дөң, Булак-Башы жана Чынар көчөлөрүндөгү 2485метр жолдорун оңдоо долбоору жалпы суммасы 14910,0 мин сом анын ичинде өздүк салым 9910,0 мин сом.

3. Дем берүүчү грантка: “Наристе” балдар бакчасын капиталдык оңдоо долбоору, жалпы сумма 10827,0 мин сом, анын ичинде өздүк салым 5827,0 мин сом.

4. Райондук өнүктүрүү фондуна: Раззаков шаарынын Манас-Ата жана И.Раззаков көчөлөрүндө 1300метр жол инфратүзүмүн оңдоо долбоору, жалпы сумма 12740,0 мин сом анын ичинде өздүк салым 3740,0 мин сом.

2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Б.Б.Айтемиров
