# Суу-Башы айылдык кенешинин 2024-жылдын 5-сентябрындагы №118 "Суу-Башы айыл өкмөтүнүн “Кара-Токой” гимназия-мектебинин директору Садыкова Ыкыбалдын кайрылуусун жана Айгул-Таш айылынын ата-энелеринин арызын кароо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Суу-Башы айылдык кенешинин 2024-жылдын 5-сентябрындагы №118 "Суу-Башы айыл өкмөтүнүн “Кара-Токой” гимназия-мектебинин директору Садыкова Ыкыбалдын кайрылуусун жана Айгул-Таш айылынын ата-энелеринин арызын кароо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 118
- Дата принятия: 05.09.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 05.09.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230013080>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-31640/edition/15727/ru>

> Текст приведён по редакции от 05.09.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Суу-Башы айылдык кенешинин 2024-жылдын 5-сентябрындагы №118 "Суу-Башы айыл өкмөтүнүн “Кара-Токой” гимназия-мектебинин директору Садыкова Ыкыбалдын кайрылуусун жана Айгул-Таш айылынын ата-энелеринин арызын кароо жөнүндө" токтому (ред. от 05.09.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230013080

---

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезекcиз ХXXVII сессиясы

2024-жылдын 5-сентябры № 118

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн “Кара-Токой” гимназия-мектебинин директору Садыкова Ыкыбалдын кайрылуусун жана Айгул-Таш айылынын ата-энелеринин арызын кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы №519 токтомуна ылайык Суу-Башы айыл өкмөтүнүн “Кара-Токой” гимназия-мектебинин директору Садыкова Ыкыбалдын жана Айгүл-Таш айылынын ата-энелеринин арызындагы мектеп жатаканасы маселесин окуп жана талкуулап Суу-Башы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХХVII сессиясы токтом кылат:

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр айылындагы “Кара-Токой” гимназия- мектебинин гимназия статусу жоюлгандыгына байланыштуу гимназиянын жатаканасын, мектеп алдындагы жатакана кылып кайрадан уюштурууга макулдук берилсин.

Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановго милдеттендирилсин.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А.Бөрүев
