Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Суу-Башы айылдык кенешинин «Суу-Башы айыл өкмөтүнүн “Кара-Токой” гимназия-мектебинин директору Садыкова Ыкыбалдын кайрылуусун жана Айгул-Таш айылынын ата-энелеринин арызын кароо жөнүндө» токтому
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезекcиз ХXXVII сессиясы
2024-жылдын 5-сентябры № 118
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн “Кара-Токой” гимназия-мектебинин директору Садыкова Ыкыбалдын кайрылуусун жана Айгул-Таш айылынын ата-энелеринин арызын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы №519 токтомуна ылайык Суу-Башы айыл өкмөтүнүн “Кара-Токой” гимназия-мектебинин директору Садыкова Ыкыбалдын жана Айгүл-Таш айылынын ата-энелеринин арызындагы мектеп жатаканасы маселесин окуп жана талкуулап Суу-Башы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХХVII сессиясы токтом кылат:
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр айылындагы “Кара-Токой” гимназия- мектебинин гимназия статусу жоюлгандыгына байланыштуу гимназиянын жатаканасын, мектеп алдындагы жатакана кылып кайрадан уюштурууга макулдук берилсин.
Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановго милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
А.Бөрүев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.