# Савай айылдык кеңешинин 2024– жылдын 24-январы № 6 "Савай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө каракштуу Кең-Сай айылындагы Кең-Сай орто мектебинин түштүк тарабында жайгашкан бала бакчанын эскилиги жеткен имараттыны бузууга берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Савай айылдык кеңешинин 2024– жылдын 24-январы № 6 "Савай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө каракштуу Кең-Сай айылындагы Кең-Сай орто мектебинин түштүк тарабында жайгашкан бала бакчанын эскилиги жеткен имараттыны бузууга берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 6
- Дата принятия: 24.01.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 24.01.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230013035>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-31615/edition/15549/ru>

> Текст приведён по редакции от 24.01.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Савай айылдык кеңешинин 2024– жылдын 24-январы № 6 "Савай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө каракштуу Кең-Сай айылындагы Кең-Сай орто мектебинин түштүк тарабында жайгашкан бала бакчанын эскилиги жеткен имараттыны бузууга берүү жөнүндө" токтому (ред. от 24.01.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230013035

---

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Савай айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги 2024-жылдын 1-сессиясы

2024– жылдын 24-январы № 6

Савай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө каракштуу Кең-Сай айылындагы Кең-Сай орто мектебинин түштүк тарабында жайгашкан бала бакчанын эскилиги жеткен имараттыны бузууга берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-августундагы № 518-токтому менен бекитилген ЖОБОсунун, (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 324-токтомунун редакциясына ылайык), ӨКМнин 2023-жылдын 24-майындагы № О-194 корутундусунун негизинде; Савай айылдык округунун кеңешинин депутаттары

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Савай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кең-Сай айылындагы Кең-Сай орто мектебинин түштүк тарабында жайгашкан 1960-жылы курулган бала бакчанын эскилиги жеткен имараты бузууга берилсин.

2. Мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Савай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Б.Мамашов
