Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Дара айылдык кенешинин «Хайдаркан сымап акционердик коому геологиялык чалгындоо жүргузүүгө жер участогун убактылуу пайдалануу укугун берүү жөнүндө» токтому.
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Дара айылдык Кенешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз ХХVIII сессиясы 2024-жылдын 29-июлу № 86
Хайдаркан сымап акционердик коому геологиялык чалгындоо жүргузүүгө жер участогун убактылуу пайдалануу укугун берүү жөнүндө.
Хайдаркан сымап акционердик коому “Сымап” аталышындагы кен чыккан жердеги сурма жана сымап аянтарында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жер участогун берүү максатында Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 60,61 беренелеринин, Жер Казынасы жөнүндө мыйзамынын 40 бересенинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 810 “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү маселелери жөнүндө” токтомунун 2 пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы №755-р буйругу жана Кыргыз Республикасынын Министлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-майындагы №245-р буйруктарына ылайык, “Хайдаркан сымап АК” ААКсына сурма жана сымап аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү, жер казынасынын пайдалануу укугу менен “Сымап” аянтына №2 Лицензиялык макулдашуусу жана №7439 АР лицензиясынын негизинде Дара айыл өкмөтүнө караштуу Кайынды айылынын чыгыш жана батыш тарабындагы сымап участкасындагы сымап, сурма кенинде геологиялык чалгындоо жүргүзүү жөнүндөгү. билдирүүсүн карап жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Хайдаркан сымап акционердик” коомуна Кайынды сымап жана сурма кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө укук берген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин 2024-жылдын 24-июнундагы №2 Лицензиялык макулдашуусу жана №7439 МР Лицензиясына ылайык 1135 га жер аянты убактылуу пайдаланууга берилсин.
2. Убактылуу пайдаланууга берилген жер участогуна түзүлгөн укук аныктоочу документтин (келишим) мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Жер ресурстары, кадастр, геодезия, жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Баткен филиалынан суралсын.
3. “Хайдаркан сымап акционердик ” коомуна берилген жер аянтында Кыргыз Республикасынын экологиялык, жер, суу мыйзамдарынын талаптарын аткаруу менен геологиялык чалгындоо иштери аяктагандан кийин, бузулган жерлерди калыбына келтирүү жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевге жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин тѳрайымы:
Р.Сайкалова
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Правительства от 15 декабря 2017 года № 810 "О вопросах предоставления земельных участков под недропользование"Постановление · 15.12.2017 · № 810
- Распоряжение Кабинета Министров КР от 4 декабря 2023 года № 755-р (О предоставлении прав пользования недрами)Распоряжение · 04.12.2023 · № 755-р