# З.Кайназарова атындагы айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-августундагы № 6/6 "Жердин өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: З.Кайназарова атындагы айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-августундагы № 6/6 "Жердин өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 6/6
- Дата принятия: 12.08.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 12.08.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230012801>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-31457/edition/15264/ru>

> Текст приведён по редакции от 12.08.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: З.Кайназарова атындагы айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-августундагы № 6/6 "Жердин өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 12.08.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230012801

---

З.КАЙНАЗАРОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 2024-жылдын 12-августу № 6/6

Жердин өлчөмүн бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин18-беренесинин 3,4 пункттарына ылайык,ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы №174 “Жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Токтомуна ылайык

З.КАЙНАЗАРОВА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 “Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык Жер мунапысын ишке ашыруу максатында,ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 “Жер -укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесинин 1-2 пункттарына ылайык

-З.Кайназарова атындагы айыл аймагындагы Калктуу конуштардагы эски үйлөрдүн жер участогунун өлчөмү 1500 кв. м ден 3500 кв.м ге чейин деп белгиленсин -Жаңы трансформацияга берилип жаткан жер тилкелеринин аянты; Белек айылы үчүн- 1000 кв.м ден 2500 кв.м чейин, Панфилов жана Национальное 500 кв.м ден 1000 кв.м чейин Первомай, Чат-Кель жана Түз айылдары 500 кв.м ден 1200 кв.м чейин деп белгиленсин.

2. Айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте иш алып барсын.

3. Токтомдун аткарылышы З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жумашалиевге жана жер боюнча комиссиянын төрагасы Ж.Ш.Асамбековго жүктөлсүн.

Төрага

И.М.Раимкулов
