# Ак-Татыр айылдык кенешинин 2024-жылдын 13-августундагы №42 "Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, административдик- аймактык реформа жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ак-Татыр айылдык кенешинин 2024-жылдын 13-августундагы №42 "Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, административдик- аймактык реформа жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 42
- Дата принятия: 13.08.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 13.08.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230012800>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-31454/edition/15259/ru>

> Текст приведён по редакции от 13.08.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Татыр айылдык кенешинин 2024-жылдын 13-августундагы №42 "Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, административдик- аймактык реформа жөнүндө" токтому (ред. от 13.08.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230012800

---

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы

2024-жылдын 13-августу № 42 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, административдик- аймактык реформа жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2024-жылдын 29-июлундагы №152 Мыйзамынын 6-13-14-15-беренелеринде көрсөтүлгөн өзгөрүүлөр жөнүндө мыйзамынын негизинде айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовдун билдирүүсүн, угуп карап талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы Токтом кылат

1. Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-октябрында Ак-Татыр айыл аймагы менен Самаркандек айыл аймагын бириктирүү жөнүндө №26 токтому кабыл алынган. Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-октябрындагы №26 токтомунун биринчи жана экинчи пунктунда көрсөтүлгөн чечимин Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.

(1.Ак-Татыр айыл аймагы менен Самаркандек айыл аймагын бириктирүү менен административдик-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык жайгашкан аймакты эске алуу менен бириктирилген айыл аймактардын административдик борбору Ак-Татыр айыл аймагы болуп макулдук берилсин.

2.Ак-Татыр айыл аймагы менен Самаркандек айыл аймагын бириктирүүдө айыл аймактын административдик аталышы “Орто-Боз” деп аталсын, Баткен райондук мамлекеттик администрацияна сунушталсын).

2. Ушул токтомдун аткарылышы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3. Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыяланды.

4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Төрага:

Ысакова С.Б.
