Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ак-Татыр айылдык кенешинин «Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, административдик- аймактык реформа жөнүндө» токтому
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2024-жылдын 13-августу № 42 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, административдик- аймактык реформа жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2024-жылдын 29-июлундагы №152 Мыйзамынын 6-13-14-15-беренелеринде көрсөтүлгөн өзгөрүүлөр жөнүндө мыйзамынын негизинде айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовдун билдирүүсүн, угуп карап талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы Токтом кылат
1. Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-октябрында Ак-Татыр айыл аймагы менен Самаркандек айыл аймагын бириктирүү жөнүндө №26 токтому кабыл алынган. Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-октябрындагы №26 токтомунун биринчи жана экинчи пунктунда көрсөтүлгөн чечимин Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
(1.Ак-Татыр айыл аймагы менен Самаркандек айыл аймагын бириктирүү менен административдик-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык жайгашкан аймакты эске алуу менен бириктирилген айыл аймактардын административдик борбору Ак-Татыр айыл аймагы болуп макулдук берилсин.
2.Ак-Татыр айыл аймагы менен Самаркандек айыл аймагын бириктирүүдө айыл аймактын административдик аталышы “Орто-Боз” деп аталсын, Баткен райондук мамлекеттик администрацияна сунушталсын).
2. Ушул токтомдун аткарылышы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыяланды.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага:
Ысакова С.Б.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-октябрындагы № 26 "Ак-Татыр айыл аймагы менен Самаркандек айыл аймагын бириктирүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.10.2023 · № 26
- Закон «О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы»Закон · 29.07.2024 · № 152