# Кара-Булак айылдык кенешинин 2024-жылдын 23-августундагы №78 "Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагынан жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кара-Булак айылдык кенешинин 2024-жылдын 23-августундагы №78 "Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагынан жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 78
- Дата принятия: 23.08.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 23.08.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230012791>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-31445/edition/15249/ru>

> Текст приведён по редакции от 23.08.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-Булак айылдык кенешинин 2024-жылдын 23-августундагы №78 "Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагынан жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө" токтому (ред. от 23.08.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230012791

---

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 40-сессиясы

2024-жылдын 23-августу № 78 Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагынан жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 26 токтомунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” № 145-Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кара-Булак айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер (транспорт, курулуш, айыл чарба, өнөр жай) боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 23-августундагы отурумунун корутундусунун негизинде, Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан 40,0 га жер аянтын көп жылдык бак-дарактарды өстүрүү максатында, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн (мурдакы “Москва” колхозунун 1987-жылындагы № 4864 а, шифр № 8479 контурларды эсептөө дело материалына) ылайык жалпы аянты 40,0 га жер, анын ичинен № 1315- контурундагы 0,40 га жер аянты башка жер, № 1325-контурундагы 5,0 га таштуу жайыт жер аянты, № 1324-контурундагы 0,65 га таштуу жайыт жер аянты, № 1328-контурундагы 12,10 га таштуу жайыт жер аянты, № 1329-контурундагы 0,40 га таштуу жайыт жер аянты, № 1330-контурундагы 8,90 га таштуу жайыт жер аянты, № 1313-контурундагы 2,0 га таштуу жайыт жер аянты, № 1312-контурундагы 0,50 га жер аянты башка жер жана № 1311-контурундагы 0,05 га жер аянты башка жер, № 1380-контурундагы 1,60 га таштуу жайыт жер аянты, № 1381-контурундагы 0,40 га таштуу жайыт жер аянты, № 1371-контурундагы 4,30 га таштуу жайыт жер аянты, № 1387-контурундагы 3,70 га таштуу жайыт жер аянттарын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан, “Көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

Токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

Токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.

Төрага

К.Шакиров
