Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кара-Булак айылдык кенешинин «Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагынан жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө» токтому
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 40-сессиясы
2024-жылдын 23-августу № 78 Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагынан жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 26 токтомунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” № 145-Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кара-Булак айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер (транспорт, курулуш, айыл чарба, өнөр жай) боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 23-августундагы отурумунун корутундусунун негизинде, Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан 40,0 га жер аянтын көп жылдык бак-дарактарды өстүрүү максатында, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн (мурдакы “Москва” колхозунун 1987-жылындагы № 4864 а, шифр № 8479 контурларды эсептөө дело материалына) ылайык жалпы аянты 40,0 га жер, анын ичинен № 1315- контурундагы 0,40 га жер аянты башка жер, № 1325-контурундагы 5,0 га таштуу жайыт жер аянты, № 1324-контурундагы 0,65 га таштуу жайыт жер аянты, № 1328-контурундагы 12,10 га таштуу жайыт жер аянты, № 1329-контурундагы 0,40 га таштуу жайыт жер аянты, № 1330-контурундагы 8,90 га таштуу жайыт жер аянты, № 1313-контурундагы 2,0 га таштуу жайыт жер аянты, № 1312-контурундагы 0,50 га жер аянты башка жер жана № 1311-контурундагы 0,05 га жер аянты башка жер, № 1380-контурундагы 1,60 га таштуу жайыт жер аянты, № 1381-контурундагы 0,40 га таштуу жайыт жер аянты, № 1371-контурундагы 4,30 га таштуу жайыт жер аянты, № 1387-контурундагы 3,70 га таштуу жайыт жер аянттарын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан, “Көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
Токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага
К.Шакиров
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.