Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Исхак-Полотхан айылдык кенешинин «Исхак-Полотхан айыл аймагынын Жеңиш, Чекелик, Ынтымак, Жошук айылдарынын көчөлөрүнө ысым коюу жөнүндө» токтому
ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезектеги 40- сессиясы
2024-жылдын 6-августундагы №136
Исхак-Полотхан айыл аймагынын Жеңиш, Чекелик, Ынтымак, Жошук айылдарынын көчөлөрүнө ысым коюу жөнүндө.
1. Исхак-Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылындагы №228-контурунан 7,09га жер аянтында жайгашкан эки көчөсүнө 1-көчөсүнө Жаштар-Абад №3. 2-көчөсүнө Жаштар-Абад №4. 3-көчөсүнө Жаштар-Абад №5. Чекелик айылындагы №204-205-контурунан 7,5га жер аянтында жайгашкан үч көчөсүнө 1-көчөсүнө Сабыр Мусаев, 2-көчөсүнө Сабыр Мусаев, 3-көчөсүнө Жаштар. Ынтымак айылындагы №90-92-контурунан 7,23га жер аянтында жайгашкан эки көчөсүнө 1-көчөсүнө Курулуш №1, 2-көчөсүнө Аксакал-Ата жана Ынтымак айылындагы №147 контурундагы 5,0га жер аянтында жайгашкан 1-көчөсүнө Биримдик №1, 2-көчөсүнө Биримдик №2 Жошук айылындагы №102-контурундагы 5,23га жер аянтында жайгашкан көчөсүнө Достук деп КРМК 2022-жылдын 12-июлунда №383 токтому менен “Айыл чарба” категориясынан “Калктуу конуштар”категориясына трансформация (которуу) болуп келген жалпы 32,05га жер аянттарынын көчөлөрүнө ысым берилсин.
2. Токтомду мыйзамда белгиленген тартипте аткарууга алуу, Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Дыкановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңештин айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу
комиссиясына жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык, ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Араповага милдеттендирилсин.
Төрага
Г.Матажиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.