Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Бурана айылдык кенешинин 2022 жылдын 29-декабры № 53 «Жергиликтүү мулк салыктары жана жыйымдар жөнүндө» токтому
БУРАНА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Бурана айылдык кенешинин 28- чакырылышынын көзектеги сессиясы
2022 жылдын 29-декабры № 53 Жергиликтүү мулк салыктары жана жыйымдар жөнүндө Бурана айылдык кенеши, «Кыргыз Репсубликасынын салык кодексинин ишке киргизүү жөнүндөгү» 2022-жылдын 18-январындагы №4 мыйзамынын 3-беренесинин жана Мамлекеттик салык кызматынын Чүй облусунун Чүй району боюнча башкармалыгынын 2022-жылдын 30-ноябрындагы №106 катынын негизинде, Бурана айылдык кеӊеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. 2023-жылдын 1-январынан баштап Бурана айыл өкмөтү боюнча төмөндөгү жергиликтүү мүлк салыктары жана жыйымдар киргизилсин:
1.Жергиликтүү мүлк салыктары:
1) Турак жай имаратына,курулмага жана жайга мүлк салыгы;
2) Турак жай эмес имаратка,курулмага жана жайга салык;
3) Үй жанындагы,короо жайга жана багбанчылык-чарбак жер участогуна
мүлк салыгы;
4) Калктуу конуштардын жерлеринин жана айыл чарба багытындагы
эмес жерлерге салык;
5) Транспорт каражатына мүлк салыгы.
2. Токтомдун аткарылышы Бурана айыл өкмөтүнүн башчысы Тенис уулу Бакайга милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы каржы,экономика жана бюджет комитетинин төрагасы М.Эсеновго жүктөлсүн.
Төрага
А.Б.Исагалиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики»Закон · 18.01.2022 · № 4