Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ош шаардык кеңешинин «Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому.
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XХVIII СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2024-жылдын 6-июну № 219 Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 36-беренесинин 2-жана 5-пункттарына, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү жөнүндөгү 2024-жылдын 12-апрелиндеги №32, 23-апрелиндеги №37 жана 7-майындагы №51 токтомдоруна ылайык, Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 8.3. жана 8.10. пункттарынын негизинде, ошондой эле Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын сунушун эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамынан "Улуттар Биримдиги" депутаттык фракциясынын мүчөсү Жоошбаева Роза Каныбековна жана “Ата-Журт Кыргызстан” депутаттык фракциясынын мүчөсү Атабекова Айгулья Гуламидиновна чыгарылып, алардын ордуна, жаңы депутаттык мандат алышкан, “Улуттар Биримдиги” депутаттык фракциянын мүчөсү Карабаева Малохатхон Тахировна жана “Ата-Журт Кыргызстан” депутаттык фракциясынын мүчөсү Бекташева Гүлмира Рашитовна киргизилсин.
2.Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамынан “Ата-Журт Кыргызстан” депутаттык фракциясынын мүчөсү Мырзабеков Медербек Мамасабирович чыгарылып, анын ордуна, жаңы депутаттык мандат алган, ушул эле фракциянын мүчөсү Толонов Азамат Полотбекович киргизилсин.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4.Токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси И.Абдыраимовго жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы
С.С. Назылбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.