Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кара-Суу шаардык кеңешинин «Кара - Суу шаардык кеңешинин 2009- жылдын 10-мартындагы № 4-1 токтомуна ѳзгѳртγγлѳрдγ жана толуктоолорду киргизγγ жѳнγндѳ» токтому
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (АЛТЫНЧЫ ШАЙЛАНГАН) КЕЗЕКСИЗ V СЕССИЯСЫ
2013-жылдын 18-ноябры № 5/14 «Кара - Суу шаардык кеңешинин 2009- жылдын 10-мартындагы № 4-1 токтомуна ѳзгѳртγγлѳрдγ жана толуктоолорду киргизγγ жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын «Жер жѳнγндѳгγ Кодексинин» № 78 беренесине, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 «Муниципалдык менчиктеги жерлерди жеке менчике жана ижарага берγγ тартибинин жобосун бекитγγ жѳнγндѳгγ токтомуна» жана Кыргыз Республикасынын «Салык кодексине» (№339,340,341,353 беренелери) ылайык «Кара - Суу шаардык кенешинин 2009- жылдын 10-мартындагы № 4-1 токтомуна тѳмѳнкγдѳй ѳзгѳртγγлѳр киргизγγ максатында Кара-Суу шаардык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Кара - Суу шаардык кенешинин 2009-жылдын 10-мартындагы № 4/1 токтомунун 2 пункутунун 2 бѳлγмчѳсγндѳгγ К1-экономикалык аймактык коэффицентерине тѳмѳнкγдѳй болуп ѳзгѳртγлсγн: 1 – аймак – 6 дан 25 ке ѳзгѳртγлсγн; 2 – аймак – 5 тен 18 ге ѳзгѳртγлсγн; 3 – аймак – 4 тѳн 12 ге ѳзгѳртγлсγн; 4 – аймак – 3 тѳн 7 ге ѳзгѳртγлсγн. Кара - Суу шаардык кенешинин 2009-жылдын 10-мартындагы № 4/1 токтомунун 2 пункутунун 3 бѳлγмчѳсγнγндѳгγ К2-Муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага берγγдѳгγ бир чарчы/метр аянтынын орточо баасы тѳмѳнкγдѳй болуп ѳзгѳртγлсγн: 1– аймак – 2 сом;
– аймак – 2 сом;
3– аймак – 2 сом; 4– аймак – 2 сом. Кара - Суу шаардык кенешинин 2009-жылдын 10-мартындагы № 4/1 токтомунун 2 пункутунун 2 бѳлγмчѳсγндѳгγ К3- коэффицентери ижарага берилген аянтарына, кызмат кѳрсѳтγγ тγрлѳрγнѳ карата тѳмѳнкγдѳй болуп ѳзгѳртγлсγн (магазиндер, киоска-ларектор, кичи базарлар, кафелер ( алардын алдылары) жана башкалар):
№
Пайдалануу аянттары
10 чейин
10-20 чейин
20-35 чейин
35-50 чейин
50 жана жогорулар
1 1
Коеффиценттер
22,5
16,5
10,5
7,5
6,0
Эгерде ижарага берилген жер аянтарынын ичинде, кѳрктѳндγрγлгѳн жана атайын жашылдандырылган (газоны) жер аянтчалары жана бак дарактар болсо бекитилген коеффицентер 1,2 эсеге кѳтѳрγγ менен эсептелинет. Кара-Суу шаарындагы автоунаа токтоочу жайлар К1 экономикалык аймак 1 аймак менен башкача айтканда 6-30 ке чейин тѳлѳнсγн. Муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага алуучулар ижара акыдан сырткары жылына бир жолу Кыргыз Республикасынын «Салык кодексине» ылайык «Айыл чарбасына багытталбаган жер салыгын», ар ай сайын ыктыярдуу алынуучу патент салыгын жана социалдык тѳлѳмдѳрдγ тѳлѳѳгѳ милдеттγγ. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара -Суу шаар мэриясына, токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Кара-Суу шаардык кенешинин тийиштγγ туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
Кара-Суу шаардык кеңешинин тѳрагасы:
Р.Х. Хатамов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.