Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ак-Суу айылдык кеңешинин «Айыл чарба жерлеринин мамилекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү жөнүндө» токтому
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XVIII сессиясы
2023-жылдын 18-сентябры № 18/100 Айыл чарба жерлеринин мамилекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү жөнүндө
Айыл чарба жерлеринин мамилекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобонун негизинде, 2022-жылдын 9-сентябрындагы №494, 2023-жылдын 21-январындагы №26 токтомдорунун редакцияларына ылайык Ак-Суу айылдык кеңеши: ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык, Айыл чарба жерлеринин мамилекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүгө келечек планын негизинде төмөнкү комиссиянын курамы бекитилсин;
Кайдалев Нурас Чойбекова Тинатин Сатибекова Гүлзат
2. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет:
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы төраганын орун басары У.Эпеевге жүктөлсүн.
Төрага
У.А.Курманбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.