Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Шарк айылдык кеңешинин «Медресе айылынын №5 көчөсүнө Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери, көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси Алиев Суранбайдын наамын ыйгаруу жөнүндө» токтому
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Шарк айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектеги X сессиясы
2022-жылдын 19-июлу № 3 Медресе айылынын №5 көчөсүнө Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери, көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси Алиев Суранбайдын наамын ыйгаруу жөнүндө
Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын Медресе айылынын №5 көчөсүнүн жашоочуларынын кайрылуусунун негизинде Шарк айылдык Кеңешинин социалдык коргоо жана маданий маселелер боюнча комитетинин сунушун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобого ылайык Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги Х сессиясы
Токтом кылат:
1. Медресе айылынын №5 көчөсүнө Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери, көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси Алиев Суранбайдын наамы ыйгарылсын.
2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-октябрындагы № 228 "Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү жөнүндө” токтому менен чектелген мөөнөттөн кийин 2023-жылдын 1-январынан баштап ишке ашырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин социалдык коргоо жана маданий маселелер боюнча комитетине тапшырылсын.
Шарк айылдык кеңешинин төрагасы
С. Абзалов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Кабинета Министров КР от 22 октября 2021 года № 228 "О подготовке и проведении в 2022 году переписи населения и жилищного фонда в Кыргызской Республике"Постановление · 22.10.2021 · № 228
- Постановление Правительства КР от 19 августа 2008 года № 467 "О Межведомственной комиссии по рассмотрению вопросов административно-территориального устройства и географических…Постановление · 19.08.2008 · № 467 · Утратил силу