# Ак-Суу айылдык кеңешинин 2023-жылдын 12-майындагы № 15/74 "Артыкчылыктуу долбоорду жана өздүк салымды бекитип берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ак-Суу айылдык кеңешинин 2023-жылдын 12-майындагы № 15/74 "Артыкчылыктуу долбоорду жана өздүк салымды бекитип берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 15/74
- Дата принятия: 12.05.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 12.05.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011875>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-30831/edition/14239/ru>

> Текст приведён по редакции от 12.05.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Суу айылдык кеңешинин 2023-жылдын 12-майындагы № 15/74 "Артыкчылыктуу долбоорду жана өздүк салымды бекитип берүү жөнүндө" токтому (ред. от 12.05.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011875

---

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XV- сессиясы

2023-жылдын 12-майы № 15/74

Артыкчылыктуу долбоорду жана өздүк салымды бекитип берүү жөнүндө

"Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы №20 токтомунун 2-тиркемесине ылайык, Ак-Суу айыл өкмөтүнүн сунушун эске алуу менен Ак-Суу айылдык кенеши: ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Айыл өкмөтүнүн балансына экскаватор-погрузчик ЭО-2626 сатып алуу" долбоору артыкчылыктуу деп табылсын.

2. Аталган долбоорду даярдоо жана Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фондунун каржылоосуна сунуштоо жагы Ак-Суу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Долбоорго өздүк салым катары Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 4408071251001476 өздүк эсебинен 2215 беренесинен 1 500 000 сом сом бекитилсин.

4. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет;

6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.

7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук комитетинин төрагасы С.Бекмуратовго милдеттендирилсин.

Төрага

У.А.Курманбеков
