Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ак-Суу айылдык кеңешинин «Артыкчылыктуу долбоорду жана өздүк салымды бекитип берүү жөнүндө» токтому
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XV- сессиясы
2023-жылдын 12-майы № 15/74
Артыкчылыктуу долбоорду жана өздүк салымды бекитип берүү жөнүндө
"Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы №20 токтомунун 2-тиркемесине ылайык, Ак-Суу айыл өкмөтүнүн сунушун эске алуу менен Ак-Суу айылдык кенеши: ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Айыл өкмөтүнүн балансына экскаватор-погрузчик ЭО-2626 сатып алуу" долбоору артыкчылыктуу деп табылсын.
2. Аталган долбоорду даярдоо жана Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фондунун каржылоосуна сунуштоо жагы Ак-Суу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Долбоорго өздүк салым катары Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 4408071251001476 өздүк эсебинен 2215 беренесинен 1 500 000 сом сом бекитилсин.
4. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет;
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук комитетинин төрагасы С.Бекмуратовго милдеттендирилсин.
Төрага
У.А.Курманбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 16 января 2023 года № 20 "Об утверждении Типового положения о Фондах развития регионов"Постановление · 16.01.2023 · № 20 · Утратил силу