# Ак-Суу айылдык кеңешинин 2023-жылдын 12-майындагы № 15/67 "Айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун айыл чарба багытындагы жерлеринин ижара берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ак-Суу айылдык кеңешинин 2023-жылдын 12-майындагы № 15/67 "Айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун айыл чарба багытындагы жерлеринин ижара берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 15/67
- Дата принятия: 12.05.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 12.05.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011862>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-30819/edition/14227/ru>

> Текст приведён по редакции от 12.05.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Суу айылдык кеңешинин 2023-жылдын 12-майындагы № 15/67 "Айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун айыл чарба багытындагы жерлеринин ижара берүү жөнүндө" токтому (ред. от 12.05.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011862

---

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XV- сессиясы

2023-жылдын 12-майы № 15/67

Айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун айыл чарба багытындагы жерлеринин ижара берүү жөнүндө

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде айыл өкмөтүнүн жер адисинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши: ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Кыя участкасынан айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунан Ак-Суу айылынын тургундары: Карабаев Эмилбек, Боронбаев Дойдо, Чокоев Изираил, Эпеев Урматбек, Кайдалиев Нурас, Чокоев Мүзүр, Жумабаев Бактыбек, Суеркулов Базарбай, Бабатаев Үсөн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 26 токтомунун редакциясына ылайык ижарага бөлүнүп берилсин.

2. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтом кол койулган күндөн тартып күчүнө кирет:

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Жолдубай уулу Жоомартка милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык комитетинин төрагасы Н.Кайдалиевке жүктөлсүн.

Төрага

У.А.Курманбеков
