Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ак-Суу айылдык кеңешинин «Айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун айыл чарба багытындагы жерлеринин ижара берүү жөнүндө» токтому
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XV- сессиясы
2023-жылдын 12-майы № 15/67
Айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун айыл чарба багытындагы жерлеринин ижара берүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде айыл өкмөтүнүн жер адисинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши: ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Кыя участкасынан айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунан Ак-Суу айылынын тургундары: Карабаев Эмилбек, Боронбаев Дойдо, Чокоев Изираил, Эпеев Урматбек, Кайдалиев Нурас, Чокоев Мүзүр, Жумабаев Бактыбек, Суеркулов Базарбай, Бабатаев Үсөн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 26 токтомунун редакциясына ылайык ижарага бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом кол койулган күндөн тартып күчүнө кирет:
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Жолдубай уулу Жоомартка милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык комитетинин төрагасы Н.Кайдалиевке жүктөлсүн.
Төрага
У.А.Курманбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.