# Ак-Сай айылдык кенешинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги №54 "Ак-Сай айыл өкмөтүн аймагындагы мектептерге көмөкчү чарба үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ак-Сай айылдык кенешинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги №54 "Ак-Сай айыл өкмөтүн аймагындагы мектептерге көмөкчү чарба үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 54
- Дата принятия: 25.04.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 25.04.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011841>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-30798/edition/14205/ru>

> Текст приведён по редакции от 25.04.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Сай айылдык кенешинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги №54 "Ак-Сай айыл өкмөтүн аймагындагы мектептерге көмөкчү чарба үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө" токтому (ред. от 25.04.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011841

---

АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ АК-Сай айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы

2024-жылдын 25-апрели №54 Ак-Сай айыл өкмөтүн аймагындагы мектептерге көмөкчү чарба үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралындагы №46 токтомун ишке ашыруу үчүн окуучулардын тамактануусунун сапатын жакшыртуу максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы токтом кылат:

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн карамагындагы жер участокторунан Ак-Сай айыл аймагындагы мектептерге көмөкчү чарба үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

Ушул токтомдун аткарылышы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго жүктөлсүн.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл-чарба, агро-өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.

Айылдык Кеӊешинин тѳрагасы

К.Халматов
