Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин « Миӊ-Булак айыл аймагынын Эмгекчил айылындагы “Эмгекчил -Келечеги” бала бакчасынын атын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө» №11/94 токтому
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү I сессиясы
2024-жылдын 11-март №11/94
Миӊ-Булак айыл аймагынын Эмгекчил айылындагы “Эмгекчил - Келечеги” бала бакчасынын атын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Миӊ-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн орун басары А.Бектуровдун баяндамасын угуп жана талкуулап Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү I сессиясы токтом кылат:
1 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы №488, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы №353 токтомдорунун редакцияларына ылайык Миӊ-Булак айыл аймагынын Эмгекчил айылындагы “Эмгекчил-Келечеги” бала бакчасынын атын Шаршембиева Бейшебүбү Султановнанын ысымына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн орун басары А.Бектуровго милдеттендирилсин.
3.Токтом веб сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин, токтомду https://min-bulak.gov.kg/ веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.
Тѳрага
А. Жамангулов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.