# Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 1-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясынын 2024-жылдын 05-августундагы №53 "Кыдыр Аке айыл аймагы боюнча жер мунапысынын жеке турак үйлөрдүн жер участогуна укук белгилөөчү документтери жок жер тилкелеринин аянтын белгилөө жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 1-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясынын 2024-жылдын 05-августундагы №53 "Кыдыр Аке айыл аймагы боюнча жер мунапысынын жеке турак үйлөрдүн жер участогуна укук белгилөөчү документтери жок жер тилкелеринин аянтын белгилөө жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 53
- Дата принятия: 05.08.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 05.08.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011570>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-30602/edition/13819/ru>

> Текст приведён по редакции от 05.08.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 1-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясынын 2024-жылдын 05-августундагы №53 "Кыдыр Аке айыл аймагы боюнча жер мунапысынын жеке турак үйлөрдүн жер участогуна укук белгилөөчү документтери жок жер тилкелеринин аянтын белгилөө жөнүндө" токтому (ред. от 05.08.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011570

---

Ак-Суу районунун Кыдыр аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши

ТОКТОМ

Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 1-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы

2024-жылдын 05-августундагы №53

Кыдыр Аке айыл аймагы боюнча жер мунапысынын жеке турак үйлөрдүн жер участогуна укук белгилөөчү документтери жок жер тилкелеринин аянтын белгилөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө Жобосунун 5-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы №174 токтому менен Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого” киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алып айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши

токтом кылат:

1. Кыдыр Аке айыл аймагы боюнча жер мунапысынын жеке турак үйлөрдүн жер участогуна укук белгилөөчү документтери жок турак-жай курулуштарынын жер тилкелеринин аянты 0,15 га (1500 кв.м) деп белгиленсин.

2.Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн

Төрага А.И.Алмабеков
