# Кара-Кѳл шаардык кеңешинин 2024-жылынын 21-июнундагы №171/37-8 “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” филиалын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Кара-Кѳл шаардык кеңешинин 2024-жылынын 21-июнундагы №171/37-8 “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” филиалын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 171/37-8
- Дата принятия: 21.06.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 21.06.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011352>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-30471/edition/13541/ru>

> Текст приведён по редакции от 21.06.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-Кѳл шаардык кеңешинин 2024-жылынын 21-июнундагы №171/37-8 “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” филиалын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө” токтому (ред. от 21.06.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011352

---

КАРА-КѲЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кара-Кѳл шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясынын

2024-жылдын 21-июну №171/37-8

“Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” филиалын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги №89 ПЖ “Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XХХVII сессиясы

Токтом кылат:

1. “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы” филиалын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Кара-Көл шаарынын мэриясы ( Т.Т.Конкобаев):

1) бул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте көрсүн.

2) Кара-Көл шаарынын башкы планына жаңы от казандарды кура турган жерлерди киргизсин;

3) Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы канча жылда өзүн өзү каржылап кетерин каржылоо булактарын көрсөтүү менен эсептеп, тактап, субсидиялар боюнча конкреттүү 3 жылдын ичиндеги элге, бюджеттик мекеме-ишканаларга, коммерциялык багыттагы ишканаларга сунушталуучу тарифтик пландарды, тарифтик саясатты иштеп чыксын.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Т.Т.Конкобаевге), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (И.Р.Касымов) жана бюджет, экономика, финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (Б.Н.Кыргызалиев) жүктөлсүн.

Төрага:

Ч.А.Кимсанов
