Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин «Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Күнгөй-Хасана айылында курулуп жаткан Социалдык комплекстин ПСД документерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» токтому.
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги № 28-сессиясы 2024-жылдын 30-майы №7 Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Күнгөй-Хасана айылында курулуп жаткан Социалдык комплекстин ПСД документерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Күнгөй-Хасана айылында курулуп жаткан Социалдык комплекстин (мектеп, бала-бакча, ФАП жана ашкана) долбоордук сметалык документациясында көрсөтүлгөн объекттер, акча каражатын танкыстыгына байланыштуу, курулуштун техникалык көзөмөл адисинин корутундусунун жана айылдык кеңешинин “Айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, соода, архитектура, жол, транспорт, өнөржай, кайра иштетүү, коммуникация, таза суу жана электр энергиясы” боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 21-майындагы протоколуна негиз, айылдык кеңешинин депутаттарынын сунушун жана ой пикирлерин эске алып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин 2-бөлүмүнүн 17- бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Күнгөй-Хасана айылындагы курулуп жаткан социалдык комплекстин (мектеп, бала-бакча, ФАП жана ашкана) курулушун улантуу учурунда долбоордук-сметалык документтерде каралып, жергиликтүү бюджетте акча каражаттын танкыстыгына байланыштуу, сметага кирбей калган инфраструктуралык курулмаларды мыйзам чегинде курулуштун техникалык көзөмөлдөө адиси Ж.Эргешов жана Күнгөй-Хасана айылынын айыл башчысы Ш.Акбаровтун берген корутундуларыны негизинде сметаны кайра оңдоо менен мектеп, бала-бакча, ФАП жана ашкананын сметасында азыр керексиз болуп турган инвентарларды кайра тариздап, мыйзам чегинде бошогон акча каражаты эсебинен комплекстин айланасын тосуу, суу сактагычын куруу, канализация үчүн септик казуу, комплекстин ички, тышкы айланасын тегиздөө, түздөө жана объектилер аралыгына тротуар курууга смета түзүүга макулдук берилсин.
2.Социалдык комплексинин курулушун улантуу максатында, сметада каралбай калган инфраструктуралык курулмалар, сметаны мыйзам чегинде оңдоо менен, бошогон акча каражатын эсебинен комплекстин айланасын тосуу, суу сактагычын куруу, канализациясы үчүн септик казуу, комплекстин ички, тышкы айланасын тегиздөө, түздөө жана объектилер аралыгына тротуар куруу жумуштарын, КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 23-ноябрындагы № 58-нпа жана 2024-жылдын 12-январындагы № 65-нпа буйругуна негиз “Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерине” ылайык даярдоо, тийиштүү бардык мамлекеттик органдар менен макулдашуу иштерин жүргүзү жана ушул токтомду аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин “Айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, соода, архитектура, жол, транспорт, өнөржай, кайра иштетүү, коммуникация, таза суу жана электр энергиясы” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Каримовго милдеттендирилсин.
Төрага:
И.Мамажанов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Приказ Государственного Агенство архитектуры, строительства и жилищно-коммунального хозяйства при Кабинете Министров Кыргызской Республики от 23 января 2022 года № 58-нпа «О…Приказ · 23.11.2022 · № 58-нпа
- Приказ Государственного агенства архитектуры, строительства и жилищно-коммунального хозяйства при Кабинете Министров Кыргызской Республикиот 12 января 2024 года № 65-нпа «О…Приказ · 12.01.2024 · № 65-нпа