Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин «Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы №58-кесиптик лицейинин көмөкчү чарбасындагы көп жылдык куураган мөмөлүү дарактарды казып алып, ордуна жаңы көчөттөрдү отургузуу жөнүндө» токтому.
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы № 24-сессиясы 2024-жылдын 20-февралы №4 Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы №58-кесиптик лицейинин көмөкчү чарбасындагы көп жылдык куураган мөмөлүү дарактарды казып алып, ордуна жаңы көчөттөрдү отургузуу жөнүндө Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы № 58-Кесиптик Лицейинин көмөкчү чарбасындагы көп жылдык карып калган мөмөлөрдүн түшүмдүүлүгү төмөндөгөн дарактардын ордуна жаңы көчөттөрдү тигүүгө уруксат берүү маселесин карап чыгып жана талкуулап, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 31-январындагы № 01-25/343 сандуу катына, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 13-февралындагы чогулушунун протоколуна негиз жана сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 сандуу «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2-бөлүгүнүн, 17-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Катта-Тал айылында жайгашкан № 58-кесиптик лицейинин көмөкчү чарбасы эсебиндеги 2 га жер аянтындагы, көп жылдык мөмө дарактардын: түшүмдүүлүгү төмөндөп, кургап калган мөмөлүү 100 түп алма жана 4 түп өрүк дарактарын казып алып, ордуна кайра жаңы көчөттөрдү отургузуу жөнүндөгү Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 31-январындагы № 01-25/343 сандуу каты канааттандырылсын.
2.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 97 сандуу токтомунун жалпы жобосуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 263 сандуу токтомунун № 1-тиркемесине, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2022-жылдын 28-апрелиндеги № 231 сандуу токтомунун “Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жөнүндөгү жобосунун” эрежелерине ылайык, токтомдун аткарылышын камсыз кылуу көмөкчү чарба эсебиндеги, алма, өрүк дарактарын казып алып, ордуна кайра жаңы көчөттөрдү отургузуу боюнча иш-кагаздарын даярдоо жана тиешелүү мамлекеттик мекеме-ишканалардан уруксаат кагаздарын алуу жагы № 58-кесиптик лицейинин директору Ш.Каримовага милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жетекчилигине сунушталсын.
Төрага:
К. Сатторов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Закон «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Закон · 20.10.2021 · № 123
- Постановление Кабинета Министров КР от 15 ноября 2021 года № 263 "О вопросах Министерства природных ресурсов, экологии и технического надзора Кыргызской Республики"Постановление · 15.11.2021 · № 263
- Постановление Правительства КР от 10 февраля 2009 года №97 "Об утверждении Правил отпуска древесины на корню в лесах Кыргызской Республики, такс на древесину лесных пород…Постановление · 10.02.2009 · № 97 · Утратил силу