Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кербен шаардык кеңешинин “Кербен шаарынын мэриясынын балансында турган “ Нива” жана “Жигули-2107” автоууналарды Кербен шаардык Кеңешке ошондой эле “Тазалык“ муниципиалдык ишканасына өткөруп берүү жөнүндө” токтому
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Кербен шаардык кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын
2024-жылдын 08-июлу №26/10
Кербен шаарынын мэриясынын балансында турган “ Нива” жана “Жигули-2107” автоууналарды Кербен шаардык Кеңешке ошондой эле “Тазалык“ муниципиалдык ишканасына өткөруп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын дэнгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаары менен Жерге-Тал айыл өкмөтү кошулудун ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 240 жана 2023-жылдын 13-сентябрындагы №468 токтомдорунун 4-тиркемесинин 11-пунктунун негизинде Кербен шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 28-июнундагы № 60 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кербен шаарынын мэриясынын балансында турган “Нива” автоуунасын Кербен шаардык Кеңешинин төрагасына бекитип берилсин.
2. Кербен шаарынын мэриясынын балансында турган “Жигули 2107” автоуунасын “Тазалык” муниципиалдык ишканасына өткөрүлүп берилсин.
3. Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын кызмат автоуунасына ар айда 150 (жүз элүү) литр күйүүчү майын камсыздап берүү жагы Кербен шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык Кеӊештин мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М.Камбаровага жүктөлсүн.
Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы:
Р.Назарбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 30 апреля 2022 года № 240 "О мерах по упорядочению использования служебного и дежурного автотранспорта государственных…Постановление · 30.04.2022 · № 240
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 сентября 2023 года № 468 "О внесении изменений в постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики "О мерах по…Постановление · 13.09.2023 · № 468