# Кербен шаардык кеңешинин 2024-жылынын 08-июлундагы № 26/6 “Кербен шаарындагы жана Жерге-Тал айыл аймыгындагы асыл тукум, айыл чарба кооперативине жана фермердик чарбасына жердин акысынын коэфициентин бекитүү жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Кербен шаардык кеңешинин 2024-жылынын 08-июлундагы № 26/6 “Кербен шаарындагы жана Жерге-Тал айыл аймыгындагы асыл тукум, айыл чарба кооперативине жана фермердик чарбасына жердин акысынын коэфициентин бекитүү жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 26/6
- Дата принятия: 08.07.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 08.07.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011278>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-30404/edition/13471/ru>

> Текст приведён по редакции от 08.07.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кербен шаардык кеңешинин 2024-жылынын 08-июлундагы № 26/6 “Кербен шаарындагы жана Жерге-Тал айыл аймыгындагы асыл тукум, айыл чарба кооперативине жана фермердик чарбасына жердин акысынын коэфициентин бекитүү жөнүндө” токтому (ред. от 08.07.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011278

---

КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кербен шаардык кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын

2024-жылдын 08-июлу №26/6

Кербен шаарындагы жана Жерге-Тал айыл аймыгындагы асыл тукум, айыл чарба кооперативине жана фермердик чарбасына жердин акысынын коэфициентин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы “Айыл чарба кооперативдеринин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө” № 309 жана 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 494 токтомдорун аткаруу максатында ошондой эле Жалал-Абад облусунун Аксы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын 2024-жылдын 10-май чыгыш номери 01-5/23 катынын, Кербен шаардык Кеңешинин экономика, бюджет жана финансы туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 27-июнунда № 45 протоколунун ошондой эле суу ресустары, муниципиалдык мүлк, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 15-майындагы № 43 токтомун негизинде сунушун угуп, жана талкуулап чыгып Кербен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кербен шаарында айыл чарба кооперативдеринин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү үчүн суулу жердин ижара акысы 20% коэфициент, Жерге-Тал айылында 10% коэфициент болушуна макулдук берилсин.

2. Кербен шаарында жана Жерге-Тал айылында кайракы жердин ижара акысынын коэфициенти 30% болушуна макулдук берилсин.

3. Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кербен шаардык кеӊешинин экономика, бюджет жана финансы туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Эсеналиевке тапшырылсын.

Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы:

Р.Назарбеков
