Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Распоряжение Кабинета Министров КР (О внесении изменений в распоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республики)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси 2024-жылдын 23-июлу № 446-т Ата мекендик экспорттоочуларды колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-майындагы № 247-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун 1-пунктчасы "Кыргыз Республикасынын катышуусун уюштуруу," деген сөздөрдөн кийин ошондой эле ички рынокто товарлар толуп кеткен жана баалары төмөндөгөн учурларда товарларды ташууну жүзөгө ашырган экспорттоочуларга транспорттук чыгымдардын бөлүгүнүн ордун толтуруу" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору" мамлекеттик мекемеси ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын:
- экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга байланышкан эл аралык форумдарга, көргөзмөлөргө, соода миссияларына жана башка уюштуруучулук, маалыматтык, жарнамалык иш-чараларга Кыргыз Республикасынын катышуусун уюштуруу боюнча;
- ички рынокто товарлар толуп кеткен жана баалары төмөндөгөн учурларда товарларды ташууну жүзөгө ашырган экспорттоочуларга транспорттук чыгымдардын бөлүгүнүн белгиленген тартипте ордун толтуруу боюнча.";
- 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
"4) экспорттоочуларга товарларды ташуу менен байланышкан транспорттук чыгымдарынын бөлүгүн өз убагында ордун толтуруп берүүнү.".
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 3
Связанные документы (3)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Бюджетный кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Закон «О государственном регулировании внешнеторговой деятельности»Закон · 08.08.2023 · № 169
- Конституционный закон «О Кабинете Министров Кыргызской Республики»Конституционный закон · 11.10.2021 · № 122