# Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 15-майындагы № 1/1 "Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 15-майындагы № 1/1 "Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1/1
- Дата принятия: 15.05.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 15.05.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230010932>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-30202/edition/13116/ru>

> Текст приведён по редакции от 15.05.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 15-майындагы № 1/1 "Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө" токтому (ред. от 15.05.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230010932

---

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин XIX чакырылышынын депутаттарынын кезексиз I сессиясы 2023-жылдын 15-майы № 1/1 Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 85- Жарлыгын,Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 87-Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177-Токтомун жетекчиликке алуу менен бириктирилген Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы токтом кылат :

1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 85- Жарлыгына ылайык Талды-Суу, Баш-Кайыңды айыл аймактары бириктирилгендиктен,катышкан 29 депутаттардын 19 добушуна ээ болгондугун белгилеп,бириктирилген айыл аймактарынын Баш-Кайыңды айылдык кеңешинин төрагасы болуп Жолдошбек уулу Дыйканбай шайланды деп эсептелинсин.

2.Бириктирилген Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары болуп Рахатбек уулу Мирлан шайлангандыгы белгиленсин.

3.Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин катчысына тапшырылсын.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасы

Д.Жолдошбек уулу
