Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXVIII СЕССИЯСЫНЫН «Балыкчы шаарындагы муниципалдык менчикти менчиктештирүү шарттары жана тартиби, тике сатуу, аукциондо, конкурста сатуу ыкмалары аркылуу менчиктештирүү тартиби жана шарттары тууралуу жобону бекитүү жөнүндө» токтому
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXVIII СЕССИЯСЫ 2024-жылдын 12-июлундагы № 3
Балыкчы шаарындагы муниципалдык менчикти менчиктештирүү шарттары жана тартиби, тике сатуу, аукциондо, конкурста сатуу ыкмалары аркылуу менчиктештирүү тартиби жана шарттары тууралуу жобону бекитүү жөнүндө Муниципалдык менчикти менчиктештирүүнүн шарттарын жана тартибин аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамынын 11, 12, 12-1-статьяларына, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык, Балыкчы шаарынын мэриясынын 03.07.2024-ж. № 01-18/3229 катын карап, талкуулап, Балыкчы шаардык Кеңешинин курулуш, архитектура, муниципалдык менчик коммуналдык чарба жана өнөр жай, транспорт, ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын чечимин эске алуу менен Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаарындагы муниципалдык менчикти менчиктештирүү шарттары жана тартиби, тике сатуу, аукциондо, конкурста сатуу ыкмалары аркылуу менчиктештирүү тартиби жана шарттары тууралуу жобо №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына жана интернет сайтына жарыялансын.
3. Балыкчы шаардык Кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыcы, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү чечимде, андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгын ырастайт.
5. Кабыл алынган токтомдун аткарышын көзөмөлгө алуу жагы Балыкчы шаарынын мэринин орун басарына жана шаардык кенештин курулуш, архитектура, муниципалдык менчик коммуналдык чарба жана өнөр жай, транспорт, ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы Ж.М. Абдразаков
Балыкчы шаардык Кеңешинин
XXVIII чакырышынын XXVIII сессиясынын №3 токтомуна
1-тиркеме
Муниципалдык менчикти менчиктештирүү шарттары жана тартиби, тике сатуу, аукциондо, конкурста сатуу ыкмалары аркылуу менчиктештирүү тартиби жана шарттары тууралуу жобо
Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19-августундагы № 152, 2006-жылдын 22- ноябрындагы № 184, 2008-жылдын 14-февралындагы № 12, 2008-жылдын 29- декабрындагы № 279, 2009-жылдын 15-июнундагы №182, 2011-жылдын 21-декабрындагы № 243, 2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201, 2016-жылдын 22-июнундагы № 84, 2020- жылдын 6-мартындагы № 24, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147, 2023-жылдын 12- октябрындагы № 187 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) иштелип чыккан.
Жалпы жоболор
- Ушул жобонун пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр.
Өйдөдө көрсөтүлгөн Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат: турак жайга кирбеген фонд - калкты социалдык жактан тейлөөгө, администрациялык мекемелер менен коомдук уюмдарды жайгаштырууга арналган жалпы турак жай мүлкүнөн башка имараттар, курулуш жайлар, объекттер менен жайлар; муниципалдык менчик - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кирешелерин алуучу булак катары кызмат кылуучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга зарыл жергиликтүү жамааттардын менчиги; муниципалдык менчикти менчиктештирүү - муниципалдык менчикти (менчиктештирүү объекттерин) жеке жана юридикалык жактарга ажыратып берүү; муниципалдык менчикти менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдар - муниципалдык менчикти менчиктештирүү тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары. (КР 2005-жылдын 19-августундагы № 152, 2009-жылдын 15-июнундагы № 182 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
- Мүлккө муниципалдык менчик укугу
1. Мүлккө муниципалдык менчик укугунун пайда болушуна, жүзөгө ашырылышына жана токтолушуна байланыштуу келип чыккан мамилелер Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон муниципалдык менчикти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өз каалоосу боюнча сатып алат, ээлик кылат, пайдаланат жана тескей алышат.
(КР 2005-жылдын 19-августундагы № 152, 2008-жылдын 29-декабрындагы № 279, 2011-жылдын 21-декабрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
- Колдонуу чөйрөсү
1. Мыйзамдын колдонулушу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлигинде, пайдалануусунда жана тескөөсүндө болгон муниципалдык менчикке, алардын өздөрүнө тиешелүү аймакта жайгашканына же жайгашпаганына карабастан, жайылтылат.
2. Муниципалдык менчикте төмөндөгү мүлктөр болушу мүмкүн:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, аларга караштуу ишканалардын имараттары, жабдуулары жана башка кыймылсыз мүлкү;
- билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт жана туризм объекттери;
- турак жай-коммуналдык, ремонттоо-курулуш жана транспорт чарбаларынын объекттери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин камсыз кылууга зарыл болгон жабдуулар менен материалдар;
- тийиштүү аймакты тейлеген жана мамлекеттик, жеке менчикке таандык ишканаларга караштуу болбогон транспорт, энергетика, суу менен жабдуу, канализация курулуштары менен коммуникацияларынын тармактары жана инфраструктура объекттери;
- соода, коомдук тамактануу жана турмуш-тиричилик ишканаларынын мүлк комплекстери, ошондой эле аларды пайдаланууга, күтүүгө жана тейлөөгө арналган курулуштар менен жабдуулар;
- жергиликтүү өз алдынча башкарууга караштуу болгон менчиктештирилбеген турак жай жана турак жайга кирбеген фонддор;
- жер участкалары, анын ичинде чек аралардын тиешелүү долбоорлорунда каралган муниципалдык мүлктүн объектинде жайгашкан, ошондой эле өздөштүрүлө элек жерлер;
- бүткөрүлө элек курулуш объекттери;
- тиешелүү аймактагы калктын турмуш тиричилигин камсыз кылуу маселелерин чечүү үчүн зарыл болгон башка объектилер.
(КР 2008-жылдын 14-февралындагы № 12, 2008-жылдын 29-декабрындагы № 279 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Жергиликтүү жамааттардын муниципалдык менчикти башкарууга жана тескөөгө катышуусу. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу жолу менен муниципалдык менчикти башкарууга жана тескөөгө түздөн-түз катышат, бул кайрылуулар тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан милдеттүү түрдө каралышы керек. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19-августундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Мүлккө муниципалдык менчик укугунун келип чыгышы Мүлккө муниципалдык менчик төмөнкүдөй жол менен: - мамлекеттик менчик объекттерин мыйзамдарга ылайык жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү аркылуу;
- жергиликтүү бюджетке жергиликтүү салык, жыйым жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жана башка милдеттүү түрдөгү төлөмдөр түрүндө түшкөн каражаттардан; жарандар жана юридикалык жактар, мамлекеттик органдар жана ишканалар тарабынан мүлккө муниципалдык менчикти ижарага алгандыгы жана пайдалангандыгы үчүн төлөнгөн суммалардан; дивиденддерден жана пайыздардан, мыйзамда белгиленген тартипте конфискацияланган мүлктү сатуудан, кайрымдуулук иретинде жана мыйзамда тыюу салынбаган башкача түрдө түшкөн каражаттардан;
- объекттерди менчикке жарандардан жана юридикалык жактардан жарандык укуктук бүтүмдүн негизинде сатып алуу (сатып алуу-сатуу, алмашуу, тартуу кылуу, экинчи жактын өзүнүн келишимдик милдеттенмелерин аткарбай коюшу) аркылуу;
- менчик укугунан ажыратуу же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы милдеттенмелери боюнча менчигин башкача түрдө мажбурлап же соттун чечими менен башкача ыкмада алып коюу аркылуу;
- муниципалдык менчикке түшкөн ээсиз буюмду соттун чечими менен таануунун натыйжасында;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын эсебинен жаңы объекттерди куруунун, өндүрүүнүн же түзүүнүн натыйжасында;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген башка учурларда түзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19-августундагы № 152, 2023-жылдын 25- июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жана алар менен жасалган бүтүм
1. Муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлккө карата укук, ошондой эле бул укуктар боюнча чектөөлөр, алардын келип чыгышы, өзгөрүшү, өткөрүп берилиши же токтотулушу тийиштүү аймактардын мамлекеттик каттоо органдарында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлөт.
2. Объекттер мамлекеттик менчиктен муниципалдык менчикке өткөрүп берилген учурда мамлекеттик каттоого байланыштуу болгон бардык чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жумшалат. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19-августундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Муниципалдык менчик объекттерине укук белгилөөчү документтер Муниципалдык менчик объекттерине укук белгилөөчү документтер болуп мыйзамдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору, соттун чечимдери, келишимдер жана башка бүтүмдөр, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мүлккө муниципалдык менчик укугун белгилөөчү башка актылар саналат. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19-августундагы № 152, 2023-жылдын 25- июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестри
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестрине ээ болууга жана аны жүргүзүүгө милдеттүү. Реестрде төмөнкүдөй негизги маалыматтар: - объектти сыпаттап жазуу; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же башка юридикалык же жеке жактар ээлик кылган мүлккө муниципалдык менчик объекттерине карата укуктарды ырастаган документтер; - объекттерди пайдаланууга карата чектөөлөрдүн тизмеси; - объекттердин бааланган наркы; - мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин өзгөчөлүктөрүнө жана аларды пайдаланууга байланышкан башка маалымат камтылууга тийиш.
2. Мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестринин мазмуну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадимки иш учурунда аларды жарандар иликтөө үчүн пайдалана алгыдай болууга тийиш.
3. Мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруучу органдары тарабынан белгиленет жана жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилет.
- Мүлккө муниципалдык менчик укугунун токтотулушу
Мүлккө муниципалдык менчик укугу төмөнкү учурларда:
- мүлктү мамлекеттин менчигине акысыз ажыратканда, юридикалык жактардын жана жарандардын менчигине ажыратканда;
- мүлк кыйраганда же жок кылынганда, болбосо мүлккө карата менчик укугу жоюлганда;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттенмелери боюнча мүлк укугунан ажыратылганда;
- мүлккө муниципалдык менчикке карата укугу бар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоюлганда; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка учурларда токтотулушу мүмкүн.
Мамлекеттик менчикке өткөрүп берилүүчү муниципалдык менчик объекттерин акысыз ажыратуу жергиликтүү кеңештин макулдугу менен жүргүзүлөт. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19-августундагы № 152, 2008-жылдын 14- февралындагы № 12, 2023-жылдын 12-октябрындагы № 187 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу жана алып коюу
1. Муниципалдык менчикте турган мүлк сатып алуу-сатуу, менчиктештирүү, алмаштыруу же мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү жолу менен ажыратылышы мүмкүн.
2. Муниципалдык менчикти мамлекеттик менчикке акысыз ажыраткан учурларды кошпогондо, муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечиминин негизинде жүргүзүлөт. Муниципалдык менчикте турган мүлктү ажыратуунун тартиби жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленет. 3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды копшогондо, муниципалдык менчиктеги мүлктү алып коюуга жол берилбейт.
(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19-августундагы № 152, 2023-жылдын 12- октябрындагы № 187 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 12-статья. Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү
1. Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү, ушул статьянын 2 жана 3- бөлүктөрүндө каралган учурларды кошпогондо, менчиктештирүү усулдарынын бири менен жүргүзүлөт.
2. Өзгөчө учурларда жергиликтүү кеңештин чечиминин негизинде муниципалдык менчиктеги турак жай фондунун объекттерин менчиктештирүү жеке адамдардын менчигине акысыз негизде аларды өткөрүп берүү жолу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Эгерде муниципалдык менчик объекти белгиленген тартипте ачык тоорукка эки жолу коюлса жана сатылбаса, мындай муниципалдык менчик объектисин менчиктештирүү жергиликтүү кеңештин чечими боюнча тике сатуу жолу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
(КР 2005-жылдын 19-августундагы № 152, 2006-жылдын 22-ноябрындагы № 184, 2011-жылдын 21-декабрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү усулдары
1. Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү төмөнкү усулдар менен жүзөгө ашырылат:
- электрондук форматта өткөрүлүшү мүмкүн болгон аукциондо сатуу;
- конкурста сатуу;
- кийин сатып алуучу башкарууга берүү;
- кийин сатып алуучу ижарага өткөрүп берүү;
- чарбалык шериктердин жана коомдордун уставдык капиталдарына салым катары кошуу. 2. Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү усулдарын колдонуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жүргүзүлөт. (Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 22-ноябрындагы № 184, 2016-жылдын 22- июнундагы № 84, 2020-жылдын 6-мартындагы № 24, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасы
1. Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасынын (мындан ары - Менчиктештирүү программасы) негизинде жүргүзүлөт.
2. Менчиктештирүү программасы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан иштелип чыгат жана жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
3. Менчиктештирүү программасы өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: менчиктештирүү жаатындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын саясатынын максаттарын жана милдеттерин;
муниципалдык менчикти менчиктештирүүнү жүзөгө ашыруу жана тоорук өткөрүү тартибин; муниципалдык менчик объекттерин төмөнкүлөргө классификациялоону;
- менчиктештирилүүгө тийиш болгон муниципалдык менчик объекттерин;
- аларды менчиктештирүү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейинки муниципалдык менчикке бекитилүүчү муниципалдык менчиктин объекттерин;
- менчиктештирүүгө тыюу салынган муниципалдык менчиктин объекттерин; муниципалдык менчикти менчиктештирүүдөн каражаттардын түшүү божомолун; муниципалдык менчикти менчиктештирүүнүн натыйжасында инвестициялардын түшүү божомолун.
4. Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүүдөн түшкөн каражаттар жергиликтүү бюджетке келип түшөт.
5. Муниципалдык менчиктеги жер участкаларын, жеке жана юридикалык жактардын менчигине берүү Кыргыз Республикасынын жер боюнча мыйзамдарында каралган тартипте жүргүзүлөт.
(КР 2005-жылдын 19-августундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзгөртүп түзүлгөн, бириккен же жоюлган учурда мүлккө муниципалдык менчикти өткөрүп берүү
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзгөртүп түзүлгөн же бириккен учурда аларга таандык болгон мүлккө муниципалдык менчик тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын укук мурастоочусуна компенсациясыз өткөрүп берилет.
2. Укук мурастоочусу болбогон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоюлган учурда мүлккө муниципалдык менчик мамлекетке компенсациясыз эле өткөрүп берилет.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укук мурастоочусуна же мамлекетке мүлккө муниципалдык менчик мамлекеттик комиссия тарабынан өткөрүп берилет. Мындай комиссияны түзүү жана анын өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Мүлккө муниципалдык менчикти башкаруу Мүлккө муниципалдык менчикти башкаруунун жалпы принциптери
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзүнүн мүлккө муниципалдык менчигине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Жергиликтүү коомчулуктун уставына же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дагы башка укуктук актыларына карама-каршы келбеген ар кандай аракеттерди жасай алат.
2. Мүлккө болгон муниципалдык менчиктин укуктары айлана-чөйрөгө, жеке же юридикалык жактардын укуктарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу мамлекеттин таламдарына зыян келтирбегендей болуп пайдаланылууга тийиш.
19-статья. Муниципалдык менчикти башкаруу жана тескөө чөйрөсүндөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы Жергиликтүү кеңеш: муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин белгилейт, ошондой эле анын пайдаланылышына контроль жүргүзөт; муниципалдык менчик объекттерин ипотекага берүүгө же күрөөгө коюуга макулдук берет;
- мамлекеттик менчикке өткөрүп берилүүчү муниципалдык менчик объекттерин акысыз ажыратууга макулдук берет;
-Менчиктештирүү программасын бекитет; -муниципалдык менчикти камсыздандыруу тартибин аныктайт; муниципалдык ишканалар жана мекемелер, ошондой эле муниципалдык менчикти пайдалануучу дагы башка юридикалык жана жеке жактар тарабынан көрсөтүлүүчү коммуналдык кызматтарга бааларды жана тарифтерди бекитет; муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу тартибин аныктайт; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана жергиликтүү жамааттардын уставында каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы: муниципалдык менчикти башкарат жана тескейт; муниципалдык менчик объекттерине укук берүү тартибин кароочу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик-укуктук актыларынын, Менчиктештирүү программаларынын жана муниципалдык менчикти башкаруу жана тескөө тартибин аныктоочу дагы башка ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат жана жергиликтүү кеңештин кароосуна берет; муниципалдык ишканаларды жана мекемелерди түзүүгө, иштешине, кайра уюштурууга жана жоюуга, ошондой эле муниципалдык менчиктеги акционердик коомдордун акцияларын башкарууга жетекчиликти, координацияны жана контролду жүзөгө ашырат; муниципалдык менчикти башкаруу жана тескөө менен байланышкан келишимдерди түзөт; муниципалдык менчик объекттеринин реестрин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте муниципалдык менчик объекттеринин башка эсебин жүргүзөт; муниципалдык менчикти камсыздандырууну жүзөгө ашырат, муниципалдык менчиктин сакталышын камсыз кылуу боюнча дагы башка чараларды көрөт; мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү жүзөгө ашырат жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзөт; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана жергиликтүү жамааттардын уставында каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19-августундагы № 152, 2013-жылдын 15- ноябрындагы № 201, 2023-жылдын 12-октябрындагы № 187 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Башкаруучу орган же аткаруучу Мүлккө муниципалдык менчикти башкарууну жана тескөөнү аткаруучу орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аткаруучу тутумунда болгон жана компетенциясы жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү адам ишке ашырат. (КР 2008-жылдын 14-февралындагы № 12 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Муниципалдык мүлктү күтүүгө контракт түзүү Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалдык мүлктү күтүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө жеке жана юридикалык жактар менен контракттарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте түзө алат. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Мүлккө муниципалдык менчик укугун коргоо Муниципалдык менчик укугуна ээ болгон жактардын укуктары
1. Муниципалдык менчик укугуна ээ болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же ар кандай башка адамдардын же юридикалык жактардын укуктары Кыргыз Республикасынын менчик укугун жөнгө салуучу мыйзамдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен башка жактардын мүлккө муниципалдык менчикке карата контракттарынын же макулдашууларынын жоболоруна ылайык мыйзамсыз эмес аракеттерге каршы корголот.
2. Муниципалдык менчикке бузулган укуктарды калыбына келтирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык менчик укугунун бузулушу үчүн жоопкерчилиги Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызматкерлери мүлккө муниципалдык менчикке ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө тартибин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
Балыкчы шаарынын мэри Арнабек уулу Азамат
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.