# Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-февралындагы № 6 “Бейшеке айыл окмоту” мекемеси, “Бакыян айыл окмоту” жана “Кара-Буура айыл окмоту” мекемесине кошулуу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-февралындагы № 6 “Бейшеке айыл окмоту” мекемеси, “Бакыян айыл окмоту” жана “Кара-Буура айыл окмоту” мекемесине кошулуу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 6
- Дата принятия: 29.02.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.02.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230010792>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-30108/edition/12978/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.02.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-февралындагы № 6 “Бейшеке айыл окмоту” мекемеси, “Бакыян айыл окмоту” жана “Кара-Буура айыл окмоту” мекемесине кошулуу жөнүндө" токтому (ред. от 29.02.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230010792

---

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын II сессиясы 2024-жылдын 29-февралы № 6

“Бейшеке айыл окмоту” мекемеси, “Бакыян айыл окмоту” жана “Кара-Буура айыл окмоту” мекемесине кошулуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик –аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик –аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кенешинин I чакырылышынын II сессиясы; ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшекеайылдык аймагынын “Бейшеке айыл окмоту” мекемеси, Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айылдык аймагынын “Бакыян айыл окмоту жана Талас облусунун Кара-Буура районунун Кара-Буура айылдык аймагынын “Кара-Буура айыл окмоту” мекемесине бириктирүү жолу менен “Кара-Буура айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси болуп кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.

2. Мекеменин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы “Бейшеке айыл окмоту” мекемесинин башчысы Барпыбеков Рыскелди Анарбековичке, “Бакыян айыл окмотунун” башчысы Сулайманов Байыш Дайыровичке жана “Кара-Буура айыл окмоту” мекемесинин башчысы Стамкулов Болот Музулумовичке жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырамын.

Төрага

Жеңишбек уулу А.
