Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Кара-Буура айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесин түзүү жөнүндө» токтому
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын II сессиясы 2024-жылдын 29-февралы № 4
“Кара-Буура айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик –аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү Кеңештердин иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген убактылуу Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик –аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамын жетекчиликке алып, “Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кенеши”;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшекеайылдык аймагынын “Бейшеке айыл окмоту” мекемеси, Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айылдык аймагынын “Бакыян айыл окмоту жана Талас облусунун Кара-Буура районунун Кара-Буура айылдык аймагынын “Кара-Буура айыл окмоту” мекемеси бириктирүү жолу менен Кыргыз Республикасынын,Талас облусунун, Айтматов районунун “Кара-Буура айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси болуп кайра түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук расмий (фирмалык) аталышы:
- Мамлекеттик тилде: “Кара-Буура айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси;
- Расмий тилде: Учреждение “Айыл окмот Кара-Бууринского айылного аймака”;
Кыскартылган расмий (фирмалык) аталышы:
- Мамлекеттик тилде: “Кара-Буура айыл аймагынын айыл өкмөтү” м-и;
- Расмий тилде: У-е “Айыл окмот Кара-Бууринского айылного аймака”;
2. Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшекеайылдык аймагынын “Бейшеке айыл окмоту” мекемеси, Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айылдык аймагынын “Бакыян айыл окмоту” жана Талас облусунун Кара-Буура районунун Кара-Буура айылдык аймагынын “Кара-Буура айыл окмоту” мекемесинин бириктирүү жолу менен кайра жаңыдан түзүлгөн Кыргыз Республикасынын,Талас облусунун, Айтматов районунун “Кара-Буура айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесине өткөрүп берүү актылары бекитилсин.
3. “Кара-Буура айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин Жобосу бекитилсин.
4. “Кара-Буура айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин жайгашкан жери (юридикалык дареги): Кыргыз Республикасы, Талас облусу, Айтматов району, Кызыл Адыр айылы, Кожомуратов көчөсү №18 болуп аныкталсын.
5. Мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага
Жеңишбек уулу А.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 4 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (4)
- Указ Президента Кыргызской Республики от 7 февраля 2024 года УП № 24 "Об утверждении Временного положения о деятельности местных кенешей в рамках проводимой…Указ · 07.02.2024 · № 24
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 7 февраля 2023 года № 52 "О введении временного запрета на вывоз (экспорт) древесины и лесоматериалов из Кыргызской…Постановление · 07.02.2023 · № 52 · Утратил силу
- Указ Президента КР от 29 декабря 2023 года УП № 370 "О проведении административно-территориальной реформы в пилотном режиме на уровне айылных аймаков и городов Кыргызской…Указ · 29.12.2023 · № 370 · Утратил силу
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 31 марта 2023 года № 178 "Об утверждении Положения о порядке государственной регистрации юридических лиц, филиалов…Постановление · 31.03.2023 · № 178 · Утратил силу