# Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 20-февралындагы № 1 "Бириккен Кара-Буура айылдык кеңешинин төрагаларын жана орун басарларын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 20-февралындагы № 1 "Бириккен Кара-Буура айылдык кеңешинин төрагаларын жана орун басарларын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 20.02.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 20.02.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230010785>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-30101/edition/12971/ru>

> Текст приведён по редакции от 20.02.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 20-февралындагы № 1 "Бириккен Кара-Буура айылдык кеңешинин төрагаларын жана орун басарларын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтому (ред. от 20.02.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230010785

---

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Бириккен Кара-Буура айылдык кеңешинин уюштуруу сессиясы 2024-жылдын 20-февралы № 1

Бириккен Кара-Буура айылдык кеңешинин төрагаларын жана орун басарларын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик –аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик –аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтомун жетекчиликке алып, Бириккен Кара-Буура айылдык кеңешинин төрагасын жана төраганын орун басарларын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 20-февралындагы №1 протоколунун негизинде Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кенеши; ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бириккен Кара-Буура айыл аймагынын Кара-Буура айылдык кеңешине Жеңишбек уулу Алтынбек шайланган төрагасы деп таанылсын.

2. Бириккен Кара-Буура айыл аймагынын Кара-Буура айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарлары болуп Бакеева Гулкайыр Тагайкуловна жана Сатыбалдиев Арстанбек Абдыалимович таанылсын.

3. Ушул токмомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Төрага

Жеңишбек уулу А.
