Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Молдо Нияз айылдык кенешинин «Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштүү суу пайдалануучулар ассоцациясынын ички жана тышкы каналдарын жана арыктарын Кадамжай райондук Суу чарба башкармалыгына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 7- сессиясы
2024-жылдын 4-июну № 26 Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштүү суу пайдалануучулар ассоцациясынын ички жана тышкы каналдарын жана арыктарын Кадамжай райондук Суу чарба башкармалыгына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 207 “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү” жөнүндөгү токтомуна ылайык, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштүү суу пайдалануучулар ассоцациясынын ички жана тышкы каналдарын жана арыктарын Кадамжай райондук Суу чарба башкармалыгына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 04.06.2024-жылдагы №01-05/239 чыгышталган сунушун жана туруктуу жер комиссиясынын корутундусун угуп, талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 207 “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү” жөнүндөгү токтомуна ылайык, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштүү суу пайдалануучулар ассоцациясынын ички жана тышкы каналдарын жана арыктарын Кадамжай райондук Суу чарба башкармалыгына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х. Досановго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, тоо кен байлыктары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: К. П. Машрапов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.