# Молдо Нияз айылдык кенешинин 2024-жылдын 4-июнундагы №22 "Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабындагы СASA-1000 электр мамычаларына 10-15 чакырым аралыкта жайгашкан аймакка 520 (беш жүз жыйырма) га жер аянтына күн панелин орнотуу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Молдо Нияз айылдык кенешинин 2024-жылдын 4-июнундагы №22 "Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабындагы СASA-1000 электр мамычаларына 10-15 чакырым аралыкта жайгашкан аймакка 520 (беш жүз жыйырма) га жер аянтына күн панелин орнотуу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 22
- Дата принятия: 04.06.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 04.06.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230010672>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-30040/edition/12817/ru>

> Текст приведён по редакции от 04.06.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Молдо Нияз айылдык кенешинин 2024-жылдын 4-июнундагы №22 "Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабындагы СASA-1000 электр мамычаларына 10-15 чакырым аралыкта жайгашкан аймакка 520 (беш жүз жыйырма) га жер аянтына күн панелин орнотуу жөнүндө" токтому (ред. от 04.06.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230010672

---

МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 7- сессиясы

2024-жылдын 16-майы № 22 Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабындагы СASA-1000 электр мамычаларына 10-15 чакырым аралыкта жайгашкан аймакка 520 (беш жүз жыйырма) га жер аянтына күн панелин орнотуу жөнүндө. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169-токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу Жобонун бекитүү тууралуу токтомунун негизинде “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Молдо Нияз айыл аймагында өндүрүштүк муктаждыктарды канаттандыруу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу максатында, ” Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 15-беренесине ылайык, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169-токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу Жобонун бекитүү тууралуу токтомунун негизинде Молдо Нияз айыл аймагындагы “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына Кыргыз-Кыштак айылынын түштүк тарабындагы СASA-1000 электр мамычаларына 10-15 чакырым аралыкта жайгашкан аймактагы 520 (беш жүз жыйырма) га жер аянтын которууга макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 3 "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө" Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябры № 571 токтомуна негиз, Жашыл энергетика долбоорун ишке ашыруу максатында 520,0 га жер аянтын 32 жылга чейин ижарага берүүгө макулдук берилсин.

3. Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х. Досановго милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, тоо кен байлыктары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага: К. П. Машрапов
