# Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-июлундагы № 4/1 "Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши" мекемесин түзүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-июлундагы № 4/1 "Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши" мекемесин түзүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4/1
- Дата принятия: 17.07.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 17.07.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230010655>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-30033/edition/12810/ru>

> Текст приведён по редакции от 17.07.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-июлундагы № 4/1 "Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши" мекемесин түзүү жөнүндө" токтому (ред. от 17.07.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230010655

---

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IV кезексиз сессиясы

2023-жылдын 17-июлу № 4/1

«Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемесин түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ №85 «Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги ПЖ №87 «Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айылдык кеңештердин ишин уюштуруу жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 «Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө» токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарын жана Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө Жобону ж.б. тиешелүү мыйзам актыларын жетекчиликке алып, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IV кезексиз сессиясы; ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жерге-Тал жана Казан-Куйган айыл аймактарынын айылдык кеңештерин бириктирүү жолу менен Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши болуп кайра түзүлсүн.

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: «Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши» " мекемеси

- Расмий тилде: Учреждение «Айылный кенеш Жерге-Тальского айылного аймака»

Кыскартылган фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: «Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши» м-и.

- Расмий тилде: У-е «Айылный кенеш Жерге-Тальского айылного аймака»

2. Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жобосу бекитилсин.

3. Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Нарын району, Жерге-Тал айылы, Жерге-Тал көчөсү, 75-үй болуп аныкталсын.

4. Юридикалык жактын уюштуруучусу - жергиликтүү кеңештин депутаттары.

5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

6. Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

Төрага

Шаарбек у Б
