Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХXVIII-чакырылышынын IV -кезектеги сессиясынын «Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн пляждык зоналарында күчтүүлүгү 15 градустан жогору болгон алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө, сатууга жана 100 м аралыкта чатырларды тигүү, автоунааларды токтотууга тыюу салуу жѳнүндѳ» токтому
БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХXVIII-чакырылышынын IV -кезектеги сессиясы
2024-жылдын 26-июнундагы № 31
Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн пляждык зоналарында күчтүүлүгү 15 градустан жогору болгон алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө, сатууга жана 100 м аралыкта чатырларды тигүү, автоунааларды токтотууга тыюу салуу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жѳнүндѳ Кодексинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, айлана- чөйрөгө химиялык заттардын чыгышын азайтуу жана адамдардын ден соолугуна терс таасирин азайтуу максатында Жети-Ѳгүз райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 29-февралындагы № 33 токтому менен 2024-жылга карата бекитилген 34-пунктунда жергиликтүү кеңештер тарабынан Ысык-Кѳлдүн пляждык зоналарында алкоголдук ичимдиктерди ичүүгѳ тыюу салуу чечимин кабыл алуу жана жергиликтүү кеңештин депутаты Э.Кубанычбековдун 100 метр аралыкта чатырларды тигүү жана автоунаа каражаттарын токтотуу боюнча сунуштарын жергиликтүү кеңешинин депутаттары ар тараптан карап, талкуулап чыгып, Барскоон жергиликтүү кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
1. Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн пляждык зоналарында күчтүүлүгү 15 градустан жогору болгон алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө жана спирт ичимдиктерди сатууга, 100 метр аралыкта чатырларды тигүү жана автоунааларды токтотууга тыюу салынсын.
2. Укук бузган ар бир жаран Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жѳнүндѳ Кодексинин негизинде, жоопкерчиликке тартылары эскертилсин.
4. Барскоон айыл башчысы Ж.Иманкулов, Тамга айыл башчысы М.Конушбеков, Тосор айыл башчысы Э.Кускакбаев, айыл ѳкмѳтүнүн юристи М.Токтогонов, Барскоон аймагындагы милициянын аймактык ыйгарым ѳкүлдѳрү токтомду аткаруу боюнча конкреттүү чараларды кѳрсүн.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына жарыялоого тиешелүү электрондук иш кагаздарын жиберүүгѳ жана юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы Н.Шабданбаевга тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына жана айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага М.Ибаков
Жиберилди: айылдык кеӊештин иш кагаздарына 1-нуска, юстицияга -2 нуска, айыл өкмөтүнүн иш кагаздарына -1 нуска, төрага – 1 нуска, баардыгы – 5 нуска
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Кодекс Кыргызской Республики о правонарушенияхКодекс · 28.10.2021 · № 128