Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Т. Зулпуев айылдык округунун айылдык кеңешинин «Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтү, 2023- жылдын бюджети жана 2024-2025- жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндөгү № 18-1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма бешинчи сессиясы 2023-жылдын 9-октябры № 25-3
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтү, 2023- жылдын бюджети жана 2024-2025- жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндөгү № 18-1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы ПЖ №547 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартында №137 сандуу Токтомду кабыл алган. Бул токтомдо дыйкан чарбалардын айыл чарба жерлери 2022-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейин жер салыгынан бошотулган. Жыл сайын республикалык бюджеттен айыл өкмөттөрдүн жергиликтүү бюджеттерине компенсация төлөнүп берилет. Быйыл Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине компенсация катары Республикалык бюджеттен кошумча дагы 1034,7 мин сом акча каражаты келип түшкөн. Жергиликтүү бюджетке кошумча болгон компенсация катары түшкөн акча каражатты мыйзамдуу иштетилишин камсыздоо максатында Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүң 2023-жылдын тогуз айлыкка бекитилген жергиликтүү бюджетине, Республикалык бюджеттен бошотулган жер салыгынан компенсация катары төлөнүп берилген 1034,7 мин сом акча каражаты планга кошумча киргизилсин.
2. Жогорудагы көрсөтүлгөн кошумча тушкөн 1034,7 мин сом акча каражатты №1 тиркеменин негизинде чыгымдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Төрага:
М. Бакиров
Т.Зулпуев атындагы айылдык
кенешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма бешинчи сессиясынын № 25-3 токтомуна №1-тиркеме
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2023-жылга айылдык бюджетине
өзгөртүүлөрдү киргизүү
(мин сом)
Салык агенти төлөгөн киреше салыгы
Бирдиктүү салык декларациясы боюнча киреше салыгы
Патент негизинде салык
Милдеттүү патенттөө салыгы
Ыктыярдуу негиздеги патенттөө салыгы
Ишкердик иш арекет жүргүзүү үчүн колдонулган кыймылсыз мүлк салыгы
Юридикалык тараптардан транспорт каражатына салык
Физикалык тараптардан транспорт каражатына салык
Тамарка короо жайлардан жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы
Максаттуу трансферттер (жер салыгы)
+1034,7
Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы
Роялти
Кен байлыктарды казуу үчүн лицензия кармоо үчүн акы төлөө
Калктуу пункуттардагы жерлерден алынуучу ижара акы
Жайыт ижарасы үчүн акы
Кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысы
Таштанды төлөмү
Мамлекеттик алымдар
Атайын каражаттар
Жергиликтүү маанидеги инсфрактруктураны өнуктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр
Активдер жана милдеттемелер
Тендөөчү грант
Кирешелердин жыйынтыгы
+1034,7
Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр
Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду
Билим берүү
1034,7
Социалдык коргоо
Чыгашалар жыйынтыгы
1034,7
Жоопту катчы
Ж. Аркозиева
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.