# Баткен шаардык кенешинин 2024-жылдын 17-майындагы №57 "Баткен шаарынын Чет-Булак аймагынын түндүк тарабынан 0,50 га жер тилкесин көп кабаттуу үйлөрдү салуу үчүн “МИК” ААКна мөөнөтсүз пайдаланууга бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Баткен шаардык кенешинин 2024-жылдын 17-майындагы №57 "Баткен шаарынын Чет-Булак аймагынын түндүк тарабынан 0,50 га жер тилкесин көп кабаттуу үйлөрдү салуу үчүн “МИК” ААКна мөөнөтсүз пайдаланууга бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 57
- Дата принятия: 17.05.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 17.05.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230010221>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-29799/edition/12350/ru>

> Текст приведён по редакции от 17.05.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Баткен шаардык кенешинин 2024-жылдын 17-майындагы №57 "Баткен шаарынын Чет-Булак аймагынын түндүк тарабынан 0,50 га жер тилкесин көп кабаттуу үйлөрдү салуу үчүн “МИК” ААКна мөөнөтсүз пайдаланууга бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому (ред. от 17.05.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230010221

---

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы

2024-жылдын 17-майы № 57 Баткен шаарынын Чет-Булак аймагынын түндүк тарабынан 0,50 га жер тилкесин көп кабаттуу үйлөрдү салуу үчүн “МИК” ААКна мөөнөтсүз пайдаланууга бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө №145 Мыйзамынын 10-беренесинин 2-пунктуна,, КРП 2024-жылдын 30-январындагы ПЖ №10 “Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө КР жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына жана Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2024-жылдын 15-майындагы №02-6/833 катынын, Баткен шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы Токтом кылат:

1.Баткен шаарынын Чет-Булак аймагынын түндүк тарабынан (код ЕНИ 8-01-01-0038-0031) 0,50 га жер тилкесин көп кабаттуу үйлөрдү салуу үчүн “МИК” ААКна мөөнөтсүз пайдаланууга бекитилип берүүгө макулдук берилсин.

2.Тийиштүү иш кагаздарын жүргүзүү жагы Баткен шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.

3.Токтом шаар калкына Баткен шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.

4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.

5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Н.Абдамитов/ тапшырылсын.

Төрага

А.Аширов
